Кайып (Ага-карындаш бир күндө жоголгон курч окуялуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Али уулун карап көзү тойбой жатты. Аны бооруна кысып бүт чындыкты айткысы келди. Өзүн токтотуш кыйын эле. Ордунан туруп, кучактагысы келип барып аргасыз кайра отурду. “Ушунча жыл башка адамдарды ата-эне деп жүргөн балага бир убакта эле сенин атаң мен элем” деп айтыш канчалык туура болот? Ишенимин бир жолу жоготуп алышым мүмкүн. “Коё тур, Али, азырынча эч нерсе дебей коё тур” деп жатты өзүнө-өзү. Ариет жүрөгүн өрттөп, так Элестикине окшогон көздөрү менен аны тиктеп турду. “Эмне эле имерип тиктеп жатат?” дегендей бир суроо бар көзүндө. Эмне кыларын билбей, тамагын кырып жөтөлүп алды Али, көздөрүн ала качты. Бир нерсе деп сүйлөш керек, бирок эмне дешти билбейт.

– Ариет, сен мындан кийин иштебе. Окууңду оку. Мен апаң менен сүйлөшөм. Макулбу? Эч нерседен муктаж болбойсуңар...

– Ооба, бул окуядан кийин баары бир апам мени жумушка жибербесе керек,- деди бала улутуна.

– Апаңды жакшы көрөсүңбү?

– Ии да.

– Эмнеге?

Баланын көздөрү бакырая таң кала тиктеп койду.

– Бардык адамдар апасын эмнеге жакшы көрүшөт деп ойлойсуз?

Али Акай какап калды.

– Албетте, жакшы көрөм. Апам аябай жакшы адам да,- деди бала.

– Атаңчы?

Баланын моюну шылк эте түштү.

– Атам жок менин, каза болуп калган.

– Жакшы көрчү белең?

– Жок.

– Эмнеге?

Такып суракка алып турган адамга бир тиктеп койду. Жооп берсемби же бербесемби деп ойлонуп турду окшойт, бир азда жай үн менен акырын сүйлөдү.

– Атам бизди жакшы көргөн жок. Эмнеге экенин билбейт элем, кичинебизден эле бизди жек көрүп карагандай сезиле берчү. Эч качан сүйлөшчү эмес мени менен. Мисалы, сиз сурап жатпайсызбы, эмнени жакшы көрөсүң деп... Атам сурабайт эле. “Эй, бала, муну жасап кой, тигини жасап кой, мен келгиче ушул ишти бүтүрүп койбосоң, өтүңдү алам” деп эле коркута берчү. Кээде “эмнеге аталар балдарын жакшы көрүшпөйт?” деп ойлочу элем. Кийин дагы бир атаны көрдүм, так эле менин атамдай экен.

– Ким эле ал?

– Классташымдын атасы. Ал сабайт эле классташымды. Ошондон кийин “балким, бардык аталар ушундай болушат окшойт” деп ойлоп калгам.

– Атаңа таарынчу белең?

– Аталарга таарынбаш керек дейт апам. Демек, таарынбайм. Ал өлүп калбадыбы...

– Апаң силерге болушчу беле?

– Апам биз деп атамдан канча таяк жеди. “Балдарды эмес, мени саба” дей берчү бизге атырылып келе жатканда. Бир жолу тактай менен катуу чаап салган апамды. Менин айымдан, анткени атам дайындаган ишти кылбай ойноп кеткем да. Мени урайын деп келе жатканда апам тосо калып ага тийип кеткен. Бир топко ооруканага жатып чыккан. Ошондон кийин эч качан ойногон жокмун.

Унчукпай отуруп калышты. Али уулу баккан атасы тууралуу айтып берип жатканда аябай жаман болду. Апасына болгон суктануусун туюп андан беш бетер ичи өрт болуп күйүп жатты. Уулуна өзү тарбия бере алса кана? Өз жанынан чыкпаса кандай бала болуп чоңоёт эле? Азыркыдай зирек, бардык нерсеге токтоо караган акылдуу бала болот беле? Ким билет?..

– Сиз балдарыңызды жакшы көрөсүзбү? Балдарыңыз барбы?- деди Ариет күтүүсүздөн.

– Ооба, жанымдай жакшы көрөм,- деп шашыла жооп берди Али.

– Канча балаңыз бар?- деди ого бетер кызыга бала.

– Эки балам бар. Бир уул, бир кыз.

– Аа...

Ариет эмнегедир өкүнө түштү сураганына. Ичинен кызганычка окшогон бир нерсе “тыз” дей түштү. Анткени Алинин өзүнө болгон кызыгуусун, мамилесин сезип турбайбы. “Балдарым бар” дегени оор тийди. Демек, өз балдарына жакшы ата болуш керек, Ариетке канча мээрим төгүп кызыгып жатса... Дегеле кызык адам экен бул. Эмнеге келип куткарып отурат? Башка кыла турган иши жокпу? Кыжалаттана ушуну ойлонуп койду. Апасына кеткиси келди. Ошол эле күнү чыныгы кылмышкер табылды. Ариетти жетелеп Али сыртка чыкты. Машинага отурушту.

– Телефонуңузду бересизби?- деди Ариет. Унчукпай сунду. Ал номер терип апасына чалды.

– Апа?

– Ариет, сенби, балам?

Бермет шолоктоп ыйлап жиберди. Мынча тез чечилет деп күткөн эмес эле.

– Ооба, сиз ыйлап жатасызбы?

– Жок, балам, ыйлаган жокмун. Сен кайсы жактасың?- деди көз жашын сүрткөн Бермет.

– Али байке мененмин, тез эле барып калабыз, буюрса.

Баласына байланышкан коркунуч артта калганда гана Бермет эмне иш кылып койгонун сезди. Азыр өзүн түрмөгө салып, балдарды алып кетсе, Али Акайдын эркиндеги иш эмеспи. Карбаластай түштү. Ойлору кымгуут болуп кетти. Балдары менен коштошуп кетип бара жатканынан бери көз алдына тартыла түштү. Бирок андай болгон жок. Али уулун үйүнө чейин жеткирди, өзү кирген жок. Ариетти киргизип жиберип, аркасынан кайгылуу карап турду. Анткени ал кызын көргөнгө али даяр эмес болчу. Кызын көргөндөн коркту, көздөрү дал Ариеттикиндей “апа” деп жанып турушунан коркту. Балдарынын өзүн чоочун кишидей караган көздөрүн “көтөрө албайм” деп чочулады. Канча жылдан бери балдарын табам деген ой менен жашаса да, эч убакта кездешкенден кийинки абалын ойлонбогон экен. Такыр эле башка балдар, тарбиясы башка, чоочун балдар болуп калышат деп ойлонбоптур. Эмне кыларын билбей туруп калды. Азыр милиция чакырып, Берметти “кылмышкер” деп туруп карматып жиберсе болот. Бир оюнда ошенткиси келди. Бирок андан кийин эмне болот? Ким утат? Башы маң. Баласы кирип кеткен эшикти караган боюнча оюн жыя албай отуруп калды. Ойлонуп отуруп, атасынын телефон номерин терди.

– Ата, мен сизге болгон окуяны айтпадым беле. Эми бул аялды 24 саат бою билдирбей кайтара турган бирөөгө муктажмын. Баягы “чекисттериңден” барбы?

– Бар эмей анан.

– Ошолордон жибер, ата. Мен оюмду жыйнагыча кайтарууда болушсун.

– Дароо эле бербейсиңби органдын колуна.

– Иш чатак, ата. Балдарга өз энесиндей караган экен. Алар ал аялдан башка эч кимди билбей чоңоюшуптур.

– Өзүң бил.

 

ххх

Элес түшүндө мойнуна кымбат баалуу алтын тагынчактарды тагынып жатыптыр. Али балдарын төрөгөндө берген белеги болчу булар. “Мен буларды эбак эле жоготуп албадым беле?” деп жатты оюнда. Чындыгында, жоголуп кеткен. Балдары жоголгондон кийин эле койгон жеринен таппай калган. Али капа болбосун деп айткан эмес. Түшүндө табылып калганына ичинен элжиреп сүйүнүп жатып ойгонуп кетти. Ушундай жагымдуу түш болобу? Жүрөгүн жылыткан сезим кетпесе экен дегенсип, бир топко кыймылсыз жатты. Ошол учурда эшиктин коңгуроосу кагылып калды. Саатын караса түнкү саат эки болгон экен. Ким бул беймаал келген? Эшикти ачса Али туруптур. Көздөрүнөн эле бир нерсе болгонун сезди.

– Эмне болуп кетти? Тынччылыкпы?

– Салам,- деди ал сабыры суз.

Элес ага кир дегендей жаңсай берди. Бири-бирин тиктешип отуруп калышты. Эмне деп айтарын билбейт.

– Эмне болуп кетти?- деди аял ичи бышып.

– Табылды.

– Эмне табылды?

Элес аны түшүнбөй карап турду. Али Акай унчукпай төш чөнтөгүнө колун салып кичинекей кутуча алып чыкты.

– Ачсаң...

Элес кутучаны ачып көздөрү бакырайып кетти. Дал түшүндөгү таап алган тагынчактар эле. Алини тиктеп калды...

 

(Уландысы кийинки санда)

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1166, 18-24-апрель, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан