7- Сентябрь 1925 -жылы Орусиялык жазуучу, драматург, сценарист Александр Хмелик туулган
Орусиялык жазуучу, драматург, сценарист, "Ералаш" киножурналынын башкы редактору Александр Хмелик СССРдин Алупка шаарында туулган. 
СССР убагында режиссёр Алла Сурикова ЦК КПССке кайрылып, “Фитиль” көрсөтүүсүнүн балдарга арналган “Фитилёк” аттуу аналогун тартууга уруксат алып, бирок, бул идеясын бат эле таштап салган. Анда долбоорду Александр Хмелик менен Борис Грачевский колго алышкан. “Фитилёк” деген ат Грачевскийге да, Хмеликке да, “Фитиль” көрсөтүүсүнүн авторлоруна да жаккан эмес. Ошондуктан балдарга арналган көрсөтүүгө жаңы аталыш ойлоп табуу керек эле. Эки чоң адамдын татыктуу ат табалбай баштары катып турганда Хмеликтин 7-класста окуган кызы Наташа “Ералаш” деген атты сунуш кылган. Ошентип, киножурналдын тушоосу кесилип, сериялар биринин артынан бири тартыла баштаган.
Александр Хмелик 2001-жылы 8-декабрда 76 жашында Москвада көз жумган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан