23- Сентябрь 2011 -жылы Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоого катышпай турганын айтып, тизмеден талапкерлигин алып салган
Коомдук-саясий чөйрөдө “реформанын атасы”, “тажабаган талапкер” деген өңдүү аттар ыйгарылып жүргөн белгилүү саясатчы, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоого катышпай турганын айтып, тизмеден талапкерлигин алып салган. 
“Ата Мекен” саясий партиясынын лидери, ушундай эле аталыштагы парламенттик фракциянын башчысы Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоого катышпай тургандыгын өз партиялаштарына 22-сентябрда кечиндеги бейрасмий жолугушууда жарыя кылган.
Бейрасмий жолугушууга катышкан партиялаштарынын билдирүүлөрүнө караганда, Текебаевди президенттик жарышка катышууга караганда, 7-апрелден кийин башталган реформаларды, демократиялык дөөлөттөрдү сактап калуу, андан ары өркүндөтүүгө салым кошуу көбүрөөк кызыктырган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан