23- Сентябрь 1861 -жылы немис инженери, ойлоп табуучу Роберт Бош туулган
Немис инженери, ойлоп табуучу, "Robert Bosch GmbH" компаниясынын негиздөөчүсү Роберт Бош 1861-жылы 23-сентябрда туулуп, 1942-жылы 12-мартта 80 жаш курагында көз жумган.
Роберт Бош үй-бүлөдө 12 баланын 11-си болгон. Ал Ульмс мектебинде билим алып, кийин устанын жардамчысы болуп жумушка орношкон. 1881-жылдан тартып өз ыктыяры менен аскер кызматын өтөгөн. 
Роберт Бош 1886-жылы 15-ноябрда Штутгартта өзүнүн ишканасын ачып, "Электротехника жана так механиканын устаканасы" деп атаган. Алгач ал электр жабдыктарын чыгарган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан