23- Сентябрь 1939 -жылы австриялык психолог, психиатр жана невролог Зигмунд Фрейд каза болгон
Австриялык врач-психиатр жана психолог, психоанализдин негиздөөчүсү Зигмунд Фрейд 83 жашында Лондондо көпкө созулган оорудан улам каза болгон.
Зигмунд Фрейд эң биринчи жолу 1884-жылы кокаиндин даамын татып, абдан таң калган. Анткени кокаинди тартары менен депрессиядан чыгып, өзүнө болгон ишеним пайда болуп, мурункудай уялчаак болбой, өзүнүн айта турган оюн кеңири айта баштаган. Ошол эле жылы жаш окумуштуу "Кокаин жөнүндө" деген макала жазып чыгат. Аталган макаласында кокаинди ооруну басууда колдонсо болору айтылган. Андан сырткары астмада, тамакты сиңирүүдө, депрессияда, невроздо жакшы натыйжасын берери маалымдалган. Бул макаласынан кийин Фрейддин жакын досу кокаинди ашыкча колдонуп алып каза болгон. Кокаинди дайыма колдонуп көнүп алган Фрейд араң дегенде андан арылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан