7- Сентябрь 1949 -жылы Скрипач Мунарбек Атагелдиев туулган
Скрипач Мунарбек Атагелдиев Фрунзе шаарында туулган. Көптөгөн жылдар бою А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында, М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында иштеген. Ошондой эле А.Жумакматов атындагы симфониялык академиялык оркестри менен Орусия, Түркия, Франция, Казакстан, Өзбекстан жана башка мамлекеттерди кыдырып өнөрүн тартуулаган. Оркестрге көптөгөн жаш таланттарды таптап чыгарган. Музыка искусствосуна чоң салым кошкон М.Атагелдиевге 1990-жылы Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти, 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы ыйгарылган.
Кыргыз Эл артисти, скрипач Мунарбек Атагелдиев 65 жаш курагында 2014-жылы 20-августта дүйнө салып, сөөгү 22-августта “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан