23- Сентябрь 1997 -жылы
"Яндекс" сайты ишке киришкен
Сайтты ачуу идеясы башкы директор Аркадий Воложго таандык. Идея 1993-жылы жаралган, бирок материалдык жактан аксап, ишке ашыра албай келген. 1997-жылы долбоорун кылдаттык менен иштеп чыгып, расмий түрдө ачык деп жарыялаган. Сайттын негизги өзгөчөлүгү – андагы маалыматтар изилденип, тастыкталып, анан киргизилгени. Сайт орус, англис, беларусь, татар, украин, казак тилдеринде маалымат берет.
"Яндекс" деген аталышка ар кандай түшүндүрмө берсе болот. Мисалы: "Yet another indexer" ("Дагы бир индексатор") же "Языковой iNDEX" ("Тил индекси").
"Яндекс" – дүйнө жүзүндөгү эң чоң маалымат издөөчү сайттардын жетинчиси деп саналат. Башкы кеңсеси Москва шаарында орун алган. Мындан тышкары Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Одесса, Симферополь жана Киев шаарларында атайын кеңселери бар. 2008-жылы АКШнын Калифорния штатына "Yandex Labs" деген аталышта филиал ачышкан.
2009-жылдын жыйынтыгы боюнча, компания 278 миллион доллар таза киреше ала алган.