19- Декабрь 2012 -жылы "Сэнури" консервативдик партиясынын төрайымы Пак Кын Хе Түштүк Кореянын биринчи аял президенти болуп шайланган
"Сэнури" консервативдик партиясынын төрайымы Пак Кын Хе Түштүк Кореянын биринчи аял президенти болуп шайланган. Кызматка 2013-жылы киришкен.
Пак Кын Хе Корея Республикасынын 11-президенти. 2006-2012- жылдары "Улуу өлкө" партиясынын лидери. 1963-1979-жылдары Кореянын президенти болгон Пак Чон Хинин кызы. Энеси каза болгондон кийин, атасынын жанында биринчи лединин милдеттерин аткарып жүргөн.
Пак Кын Хе 1952-жылы 2-февралда Тэгу шаарында төрөлгөн. Пак Кын Хе 1970-жылы Сеулда орто мектепти аяктайт, андан соң жогорку билимди Сеул Университети Соганда алат, аны бүтүргөн Пак Кын Хе тайвандагы Кытай маданиятынын университетин 1987-жылы аяктаган.
1974-жылы атасы Пак Чон Хинин өмүрүнө кол салуу болуп, ал ийгиликсиз аяктайт, бирок энеси Юк Ён Су каза болгон. Жалгыз калган Пак Чон Хи кайра аял албайт жана биринчи лединин ролун кызы аткарууга өтөт. Бул 1979-жылга чейин уланат, бул жылы корей чалгындоо башкармалыгынын директору Ким Дже Гю Пак Чон Хини өлтүрүүгө жетишет.
Пак Кын Хе эч качан турмуш курган эмес жана балдары жок, өзүн саясий жашоого арнаган.
Анын саясий карьерасы тууралуу айта турган болсок, 1998-жылы Түштүк Кореянын парламенти болгон Улуттук Жыйынына “Улуу өлкө” партиясынан депутаттыкка шайланган. Шайлоого Тэгу шаарынын округдарынын биринен барган. Мындан соң үч жолу тең ушул округдан Парламентке депутат болгон. Акыркы жолу 2008-жылы шайланып, 2012-жылы депутаттык мандаты бүткөн соң мындан ары Парламентке келбешин билдирген.
2004-2006-жылдары “Улуу өлкө” партиясын жетектеген. Ушул доордо бул партия көптөгөн ар кандай деңгээлдеги шайлоолорду утуп алган. Мунун себебин көпчүлүк Кын Хенин ишмердүүлүгү менен байланыштырышып, ошондон улам ал “Шайлоолор ханышасы” деген лакап атка конгон.
Кын Хе 2007-жылы эле президент болсом деп ашыгат бирок, ички партиялык күрөштө Ли Мён Бакка уттурган. Мё Бак ошентип президент болгон. 2011-жылы партия өз атын “Сэнури” деп өзгөртүп, бул “Жаңы горизонттор” партиясы дегенди түшүндүргөн.
Жаңы партияны Кын Хе жетектеп, 2012-жылкы парламенттик шайлоолордо жеңишке жетишишип, президенттикке талапкерлигин койгон.
“Сэнури” партиясынын президенттикке көрсөтө турган талапкерлигин кароо 20-августта болуп, Кын Хеге партиялаштырынын 103 118 адамдан 86 589 адам добуш берген. Ал эми 19-декабрдагы шайлоодо Кын Хе 51 пайыз менен утушка ээ болгон.
Инагурация 2013-жылдын 25-февралында болуп, андагы кызыктуу окуя бул дүйнө жүзүнө “Гангам стайл” ыры менен белгилүү болгон, кореялык ырчы Псайдын ырдап бериши болгон. Азем Улуттук жыйындын имаратынын астында 70 миң адамдын катышуусу менен өткөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан