7- Сентябрь 2015 -жылы Партиялык жана мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев каза болгон
Партиялык жана мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев 96 жаш курагында дүйнө салган.
Турдакун Усубалиев 1919-жылы 6-ноябрда Кочкор районунун Кочкор айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтту, Москвадагы мамлекеттик педагогикалык институтту жана Жогорку партиялык мектепти бүтүргөн. Орто мектепте мугалим, партиянын райкомунда бөлүм башчынын орун басары, Кыргызстан КП БКнын инструктору, КПСС БКнын жооптуу кызматчысы, "Советтик Кыргызстан" гезитинин редактору, партиянын Фрунзе шаардык комитетинин 1-катчысы, Кыргызстан КП БКнын 1-катчысы болуп иштеген. СССР жана Кыргыз ССР Жогорку Кеңешине 28 жолу, 1995-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон.
Турдакун Усубалиев 24 жыл 5 ай 24 күн Кыргызстан коммунисттик партиясынын биринчи катчылык кызматын аткарып, бийлик мөөнөтүнүн узактыгы боюнча Бүткүлсоюздук рекорд койгон.
Турдакун Усубалиев 7 монографиянын, көптөгөн брошюралардын жана макалалардын, бир нече автобиографиялык китептердин автору. Ал "Манас-1", 4 Ленин, "Октябрь революциясы", 2 Эмгек Кызыл Туу ордендери жана көптөгөн медалдар менен сыйланган. Мамлекетке жана Кыргызстан элине кылган эң көрүнүктүү эмгеги үчүн 1999-жылы 80 жылдык мааракесине карата “Ак шумкар” өзгөчө белгиси тапшырылган, Кыргыз Республикасынын Баатыры деген эң жогорку артыкчылык даражасы берилген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан