23- Сентябрь 1973 -жылы
чилилик акын Пабло Неруда көз жумган
Чилилик акын Пабло Неруда 69 жашында Сантьягодо оорудан көз жумган.
Пабло Неруда 1904-жылы 12-июлда мугалимдердин үй-бүлөсүндө туулган. Неруданын өз аты - Нефтали Рикардо Рейсе Басуалто. Бирма, Индия, Цейлон, Япония жана башка өлкөлөрдөгү дипломатиялык миссияларда эмгектенген Неруда 1940-жылдары марксизм идеяларына кызыга баштап, Коммунисттер партиясына кирген. Чили өкмөтү менен конфронтацияга барган акынга Мексика баш паанек берген. 1971-жылы Неруда бүтүндөй континенттин тагдырын чагылдырган поэзиясы үчүн "Нобель" сыйлыгына татыган.