23- Сентябрь 1985 -жылы Индиялык актриса, модель, ырчы жана бийчи Неха Марда төрөлгөн
Индиянын "Келин" аттуу сериалында Басанттын жубайы Генанын ролун жараткан индиялык актриса, модель, бийчи жана ырчы Неха Марда Индиянын Батыш Бенгалия өрөөнүндө жарык дүйнөгө келген. Неха ата-энесинин жалгыз баласы. Ал бенгал тилинде эркин сүйлөйт. Бийге болгон кызыгуусунан улам 8-9 жашында эле бир нече бийди үйрөнүп алган. Актриса көп учурда съёмкадан бошобогондугуна байланыштуу бий шоуларынан баш тартат. Неха Марданын жеке жашоосуна кайрылсак, ал 2012-жылы индиялык бизнесмен Аюшман Агарвалга турмушка чыккан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан