19- Декабрь 1915 -жылы Немис невропатологу жана психиатры Алоис Альцгеймер көз жумган
Немис невропатологу жана психиатры Алоис Альцгеймер көз жумган. Ал алкоголдук психоз, шизофрения, эпилепсия, мээнин сифилиси, Хантингтондун хореясы, пресенилдик психоз сыяктуу темалардагы макалалардын автору. А.Альцгеймер 1864-жылы 14-июнда Германияда төрөлгөн. Варцбург шаарында медициналык билим алып, 1887-жылы 23 жашында докторлук диссертациясын жактаган. Франкфурт-на-Майне шаарында нерв ооруларынын психиатриялык клиникасында ассистент болуп иштеп, эмгек жолун баштаган. Альцгеймер нерв системасынын патологиясын өздөштүрүүгө чоң салым кошкон. Өзүнүн изилдөөлөрүнө таянып, ал нейродегенеративдик генез менен акыл жетишсиздигинин ортосундагы айырмаларды сүрөттөгөн. 1906-жылы Альцгеймердин 50 жаштагы Огюст аттуу бейтабы эс-тутумун жоготуудан жабыркап, галлюцинацияга кабылып, оорусу күчөгөндө 55 жашында каза болгон. Дарыгер бул ооруну 5 жыл изилдеп, анын мээсинин сырткы кабыгы ичкерип кеткендигин байкаган. Мындан улам анын кесиптеши Эмиль Крепелин карыгандагы акыл жетишсиздигинин бир түрүн Альцгеймердин атынын атаган. Себеби, бул ооруну эң биринчи Альцгеймер изилдеп, сүрөттөгөн эле. Альцгеймер оорусу менен көбүнчө 40-60 жаштагы адамдар жабыркайт. Бул илдет эс-тутумдун начарлашына, жумушка болгон жөндөмдүн азайышына жана убакыттагы, мейкиндиктеги дезориентацияга алып келет.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан