19- Декабрь 1960 -жылы
Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев төрөлгөн
Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев 1960-жылы 19-декабрда Талас облусунун Үрмарал айылында төрөлгөн. Ал 1982-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун аяктаган. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улутттук университетинен укук таануучу адистиги боюнча билим алган.
1985-1995-жылдары Ички иштер министрлигинин эмгек-түзөтүү мекемеси башкармалыгында инженери;
1995-1996-жылдары Чүй облустук Аламүдүн РИИБинин "Беркут" отрядынын командири;
1996-2000-жылдары Ички иштер министрлигинин Кылмышкерди издөө башкармалыгында ага кызматкери;
2000-2002-жылдары Ички иштер министрлигинин оор кылмыш иштери менен күрөшүү башкармалыгында оор кылмыштардын бетин ачуу бөлүмүндө жетекчиси;
2002-2004-жылдары Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси;
2004-2005-жылдары Жалал-Абад ОИИБинин жетекчисинин орун басары;
2005-2008-жылдары Ички иштер министрлигинин кылмышкерди издөө башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары;
2008-жылы Ички иштер министрлигинин баңгизаттарга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси;
2008-2009-жылдары Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси;
2009-2010-жылдары Ички иштер министрлигинин 9-башкармалыгынын жетекчиси, Бишкектин Свердлов райондук ИИБининбашчысы;
2010-жылдын майында Бишкек ШИИБинин жетекчиси болуп дайындалып, андан кийин 2012-жылга чейин ички иштер министри болуп иштеген;
2012-2013-жылдары Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын жетектеген.
2017-жылдын 4-октябрында "Республика — Ата-Журт" фракциясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келди.