7- Сентябрь 1894 -жылы Манасчы Саякбай Каралаев туулган
Манасчы Саякбай Каралаев Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Ак-Өлөң айылында туулган. 1922-1931-жылдары Көл өрөөнүндөгү Ырдык жана Маман айылдык советтерин башкарган. 1935-1954-жылдары Бишкекте филармонияда артист болуп иштеген. Кичинесинен ырга, жомокко шыктуу болгон. 1918-жылдан тарта Манас айта баштаган. Манас айтуу ыкмаларын Чоюке, Акылбек өңдүү чоң манасчылардан үйрөнүп, 1925-жылдан баштап аны толук айткан. Саякбай Каралаевдин айтуусундагы "Манас" үчилтиги 500500дөн ашык ыр саптарынан турат. Ал ошондой эле "Төштүк" жана башка кенже эпосторду да айткан. Өзүнүн "Бүркүттүн жомогу", "Унутулгус күндөр", "Делдеш баатыр", "Томор мерген", "Карамолдо" аттуу жана башка чыгармалары жарык көргөн. Саякбай Каралаев  "3 Эмгек Кызыл Туу", "Ардак Белгиси" ордендери жана медалдар менен сыйланган. Саякбай Каралаев 1971-жылы 7-майда 75 жаш курагында каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан