19- Декабрь 1749 -жылы Кыргыздарды чабууга чыккан Егба Зайсандын башчылыгындагы калмактардын максаты ишке ашкан эмес
Орус прапорщиги Подзоровдун кабарлоосу боюнча кыргыздарды чабууга чыккан Егба Зайсандын башчылыгындагы калмактардын максаты ишке ашкан эмес. Орус архивдик материалдарында Егба зайсандын колу 830 адам деп белгиленсе, окуяга катышкан калмактар болсо, зайсан менен кошо 300 жоокер кыргыздарга каршы жортуулга катышкан деп белгилешет. Алардын айтымында, кыргыздар калмактарды адегенде өз жергесине коё берип, андан соң чегине турган көпүрөнү талкалап, калмак аскерлерин түгөл талкалап, жылкыларын айдап кетишкен. Калмактарын чапкыны маалындагы орус архивдик документтеринде жана калмактардын кабарлоосунда кыргыздар - "бурут" деген аталыш менен белгиленет. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан