19- Декабрь 1983 -жылы Жюль Римэнин кубогунун оригиналы уурдалган
ФИФАнын эрежеси боюнча Жюль Римэнин Кубогун 3 жолу жеңип алган өлкө ага түбөлүк ээлик кылуу укугуна ээ болот. 1970-жылы бразилиялыктар Жюль Римэнин Кубогун 3-ирет жеңип, аны биротоло мекенине алып кетишкен. 1983-жылдын 20-декабрында каракчылар аны Бразилиянын Футбол федерациясынын имаратынан уурдап кетишкен. Полиция кызматкерлеринин жан үрөп кылган аракеттери, убада кылынган миллиондогон акчалар сыйлыкты мурдагы калыбында кайтара алган эмес. Бул кылмыштын бетин ачуу 3 жылдан ашуун убакытка созулуп, алтын Кубоктун эритилип сатылгандыгы аныкталган. 
Күнөөлүү деп табылган 3 адам камакка алынышкан: Жозе Луис да Силва (сүрөтчү), Франциско Жозе Роша (полиция кызматкери, экөө тең 9 жылга кесилген), Хуан Карлос Эрнандес (зергер, 3 жылга кесилген). Окуядан 10 жылдан кийин кылмышка катышы бар жергиликтүү кылмыш тобунун жетекчиси Сержио Айрес Перейра кармалып, 9 жылга эркинен ажыратылган. Учурда Бразилияда аталган сыйлыктын көчүрмөсү сакталуу.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан