19- Декабрь 1906 -жылы СССРдин КПСС БКнын Генералдык катчысы Леонид Брежнев туулган
Коммунисттик партиянын жана Совет мамлекетинин, эл аралык коммунисттик жана жумушчу кыймылынын ишмери, КПСС БКнын Генералдык катчысы, БКнын Саясий бюросунун мүчөсү, Советтер Союзунун Баатыры (1966), Социалдык Эмгектин Баатыры (1961), Советтер Союзунун Маршалы (1976) Леонид Брежнев жумушчу-металлургдун үй-бүлөсүндө туулган.
Комсомолго 1923-жылы кирген, 1931-жылдан КПССтин мүчөсү. Курскидеги жер жайгаштыруу-мелиорация техникумун бүтүрүп, Орша округунун (БССР) Кохановск районунда жер жайгаштыруучу, Курск губерниясында жана Уралда райондук жер бөлүмүнүн башчысы, Бисертск райондук советинин аткомунун төрагасынын орун басары, Урал областтык жер башкармасынын начальнигине биринчи орун басар болгон. 
1935-жылы Днепродзержинск металлургия институтун бүтүрүп, ушул эле шаардагы металлургия заводунда инженердик кызматка калтырылган. 1937-жылы май айында Днепродзержинск шаар советинин аткомунун төрагасынын орун басары, 1938-жылы майдан Украина КП(б) Днепропетровск обкомунун бөлүм башчысы, 1939-жылы февралдан анын катчысы болуп эмгектенген. 
Улуу Ата Мекендик согуштун (1941-1945) алгачкы күндөрүнөн зле Л.И.Брежнев согушка кеткен. Ал эми согуштан кийин 1945-1946-жылдары Прикарпат аскер округунун Саясий башкармасынын начальниги, 1946-жылы эл чарбасын калыбына келтирүү боюнча жетекчилик ишке жиберилген. 1946-жылы августта Запорожье, 1947-жылы ноябрдан Днепропетровск обкомдорунун биринчи катчысы болгон. Л.И.Брежнев 1960-жылдын июлунан Молдавия КП БКнын биринчи катчылыгына көтөрүлгөн. КПССтин 19-съездинде ал БКнын мүчөсү, БКнын Пленумунда (1952-ж. окт.) КПСС БКнын Президиумунун мүчөлүгүнө кандидат жана БКнын катчысы болуп шайланат. 1953-жылы марттан Советтик Армиянын жана Аскер-деңиз флотунун Башкы саясий башкармасынын башчысына орун басар болуп дайындалат. КПССтин 20-съездинде Л.И.Брежнев КПСС БКнын мүчөсү, КПСС БКнын Пленумунда (1956-ж. февр.) КПСС БКнын Президиумунун мүчөлүгүнө кандидат жана БКнын катчысы болуп шайланат. 1958-жылдан КПСС БКнын РСФСР боюнча Бюросунун төрагасына орун басар, 1957-жылы июндан КПСС БКнын Президиумунун мүчөсү болгон. Ал оор өнөр жай менен курулушту өнүктүрүү, өлкөнүн куралдуу күчтөрүн жаңы күжүрмөн техника менен жабдуу, космонавтика маселелерин тейлеп турган. КПССтин 22-съездинде Л.И.Брежнев БКнын мүчөсү, ал эми БКнын Пленумунда (1961-ж. окт.) КПСС БКнын Президиумунун мүчөсү болуп шайланат. 1960-жылдын майынан 1964-жылдын июнуна чейин СССР Жогорку Советинин Президиумунун Төрагасы, ошол эле мезгилде (1963-ж. июндан) КПСС БКнын катчылыкм кызматын кошо аткарат. Мамлекеттик аппаратты өркүндөтүү, демократияны өнүктүрүү, закондуулукту чыңдоо боюнча зор жумуштарды жүргүзөт. КПСС БКнын Октябрь пленуму (1964) Л.И.Брежневди КПСС БКнын биринчи катчысы кылып шайлаган. 1964-жылы ноябрда ал КПСС БКнын РСФСР боюнча Бюросунун төрагасы болуп бекитилди. КПСС БКнын Март (1965) жана Май (1966) пленумдарында Л.И.Брежнев жасаган докладдарда айыл чарбасын тез өнүктүрүү жагынан партиянын жаңы экономика саясаты көтөрүлгөн. КПССтин 23-съездиндө (1966-ж. март- апр.) Л.И.Брежнев отчёттук доклад жасап, анда 1966-70-жылдары СССР Эл чарбасын өнүктүрүүнүн 8-беш жылдыгынын башкы милдеттери жана тышкы саясаттын негизги принциптери белгиленген. Съезд Л.И.Брежневди БКнын мүчөсү, БКнын Пленуму (1966, апрель) КПСС БКнын Саясий бюросунун мүчөсү жана анын Генералдык катчысы кылып шайлаган. 24-съезд Л.И.Брежневди БКнын мүчөсү, БКнын Пленуму (1971-ж. апр. ) КПСС БКнын Генералдык катчысы кылып шайлаган. СССРдин лениндик тышкы саясатын иштеп чыгууда жана ишке ашырууда Л.И.Брежнев көрүнүктүү роль ойногон. Көп мамлекеттердин жетекчи ишмерлери менен өз ара байланыш жасоо жагынан кылган иштери, бышып жеткен эл аралык проблемаларды жөнгө салууда конструктивдүү кадамдар менен агрессияга чечкиндүү сокку берүү саясатын айкалыштыра билиши аны жалпыга таанымал кылган. 1972, 1973, 1974-жылдары АКШнын преэиденттери менен Л.И.Брежневдин сүйлөшүүлөрүнөн улам маанилүү документтерге кол коюлуп, эл аралык оорчулукту жеңилдетүү жана өз ара пайдалуу кызматташтык үчүн жакшы өбөлгөлөр түзүлгөн. Турмуштук бай тажрыйбасы жана зор уюштуруучулук таланты менен Л.И.Брежнев Коммунисттик партияны жана Совет мамлекетин чыңдоо үчүн талыкпай эмгектенген. Ал партиялык жана мамлекеттик курулуштун лениндик нормаларын өнүктүрүү, иште коллективдүүлүк принциптерин орнотуу, айыл чарбасына жетекчиликти жакшыртуу, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү, эмгекчилердин турмушун жана маданиятын жогорулатуу, эл достугун чыңдоо, СССРдин коргонуу күч-кубатын күчөтүү боюнча маанилүү чаралардын иштелип чыгышына жана жүзөгө ашырылышына түздөн-түз катышкан. Л.И.Брежнев - СССР Жогорку Советинин (3-9-шайл.) депутаты, СССР Жогорку Советинин Президиумунун мүчөсү. Тынчтыкты сактоо жана чыңдоо ишиндеги зор эмгеги үчүн "Элдердин ортосунда тынчтыкты чыңдагандыгы үчүн" эл аралык Лениндик сыйлыкты (1973), Ф. Жолио-Кюри атн. "Тынчтыктын алтындагы медалын" (1975) алган. 1973-ж. 8-сентябрда Л. И. Брежневге Болгар Эл Республикасынын Баатыры деген наам берилген. Бул ынтымакты чыңдоо ишинде анын эмгегин белгилөөнүн айкын далили болгон. Л.И.Брежнев 4 Ленин ордени, 2 Кызыл Туу ордени, Богдан Хмельницкий, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган, ошондой эле Чехословакия Социалисттик Республикасынын, Польша Эл Республикасынын, Куба Республикакасынын, ГДРдин жогорку даражадагы сыйлыктары менен сыйланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан