19- Декабрь 1948 -жылы 5-чакырылыштагы “Ата Мекен” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдырахманов төрөлгөн
5-чакырылыштагы “Ата Мекен” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдырахманов Жалал-Абад областында төрөлгөн.
Билими жогорку. 1969-1971-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин комсомол комитетинин катчысынын орун басары болуп эмгек жолун баштаган.
1975-1980-жылдары – Кыргыз ССРнин ЦКЛКСМ студенттик отряддарынын штабында иштеген.
1980-1987-жылдары – Аламедин районунун Стрельникова атындагы заводунун парткомунун катчысы.
1987-1989-жылдары – Арашан айылынын Айылдык кеңешинин төрагасы.
1991-1993-жылдары – Чүй областтык кеңешинин бөлүм башчысы.
1994-2008-жылдары – "Азат мебель" компаниясынын президенти болуп эмгектенген.
2006-2007-жылдары "Реформалар үчүн", "Бириккен фронт" коомдук кыймылдарынын координатору жана активдүү катышуучусу, ал эми 2008-2010-жылдары саясый эмигрант катары АКШда жашаган. Кыргызстан демократиялык кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири. "Депутаттык азилдер" аттуу саясый сатиралардын жыйнагынын автору.
2010-жылдын октябрь айында "Ата Мекен" партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеш V чакырылышынын депутаты. Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан