19- Декабрь 1741 -жылы Орус деңиз саякатчысы Витус Беринг каза болгон
Түбү даниялык болгон орус деңиз саякатчысы Витус Беринг 60 жашында каза болгон. 
Витус Беринг 1681-жылы 12-августта Данияда туулган. Ал 1703-жылы орус флотуна кызматка чакырылган. 1724-жылга чейин Балтика жана Азов флотторунда кызмат кылган. 1725-жылы Азия жана Американын аралыгында мойнок же кысык бар экенин далилдөө максатында уюшулган 1-Камчатка экспедициясынын башчылыгына дайындалган. Экспедиция Камчатка жана Чукотканы жээктей сүзүп, кысыктан өтөт да (кийин Берингдин ысымы менен аталган), бирок тумандан жер көрүнбөгөндүктөн, кысыктын бар же жок экенин аныктай алган эмес. 1733-жылы Беринг 2-Камчатка экспедициясын башкарып, Камчаткадан Түндүк Америкага жеткен (1741-ж. 17-июль). Алеут аралдарынын кээ бирлерин ачкан. Кайта келе жатып кыштаган аралда (кийин анын ысымы менен аталган) каза болгон. Берингдин аты менен Тынч океанындагы деңиз, Түштүк Аляскадагы мөңгү ж.б. аталган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан