19- Декабрь 1997 -жылы АКШда биринчи ирет “Титаник” тасмасы көрсөтүлгөн
Шедеврга айланган "Титаник" тасмасынын режиссёру – Жеймс Кэмерон, сценарийин жазган да – Жеймс Кэмерон. Ал эми продюсерлери – Памела Исли, Жеймс Кэмерон, Ал Гиддинс. Ролдордо: Леонардо Ди Каприо, Кейт Уинслет, Билли Зейн, Билл Пэкстон, Кэти Бэйтс, Жонатан Хайд, Глория Стюарт, Фрэнсис Фишер, Бернард Хилл, Дэвид Уорнер, Сьюзи Амис жана башкалар болгон.
Жеймс Кэмерон “Титаник” тууралуу алгачкы жолу 1987-жылы документалдык фильм аркылуу билген да, аны дароо кино тартуу жөнүндө идея ээлеп алган. 1994-жылга чейин Кэмерон 167 беттен турган сценарий жазып, аны “20th Century Fox” кинокомпаниясына сунуштаган. Компаниянын өкүлдөрү ойлонбостон режиссёрго 3 миллион доллар бөлүп берүүнү чечкен. Өзүнүн тасмасынын негизги “каарманы” менен жакындан таанышуу максатында Кэмерон 1995-жылы орусиялык илимий-изилдөөчү команда менен бирге океан түбүнө 12 жолу чумкуган. Ошондо эле фильмдин алгачкы эпизоддору тартыла баштаган. Суу алдында камералар 15 мүнөт гана иштечү, андыктан, чыныгы “Титаникти” тартууга эле 2 айдан ашык убакыт кеткен. Ал эми кийин тасмага бул материалдын 12 мүнөтү гана керектелген.“Көрүүчүлөр кинотеатрга кеменин урашын көрүү үчүн келет” деп ишенген режиссёр бул көрүнүшкө басым жасап, атайын эффекттерди даярдоого 17 студияны ишке киргизген. Алардын башында кийин «Оскарга» ээ болгон Роберт Легато турган.Тасма 1996-жылдын 16-сентябрында тартыла баштаган. Баштала элек жатып түрдүү даярдыктарга 110 миллион доллар сарпталганы эсептерден билинген. 7 айдын ичинде тартылып бүткөн тасманын жалпы бюджети 200 миллионго чыгып кеткендигине байланыштуу акчасы жетпей бараткан “20th Century Fox” компаниясы өзүнүн атаандашы “Paramount Pictures” компаниясынан кошумча тыйын алууга мажбур болгон. Мындай жардамы үчүн “Paramount Pictures” тасманы Түштүк Америкада жайылтуу акысына ээ болгон.Кинокомпаниянын жетекчилери тасманын дээрлик 3 сааттан ашык созулаарын көргөн соң аны кыскартып, бир аз да болсо акча үнөмдөөнү сунушташкан. Бирок, Кэмерон алардын сөзүнө көнгөн эмес. Тасманын бизге жеткен акыркы варианты 194 мүнөт. Анын бет ачары 1997-жылы 1-ноябрда Токио шаарындагы Эл аралык кинофестивалда болуп өткөн. Ал эми АКШда биринчи ирет “Титаник” тасмасы декабрь айында көрсөтүлгөн.
Бул тарыхый драма 135 номинацияда аталып, анын ичинен 87 номинация боюнча сыйлыкка татыктуу деп табылган. Сыйлыктардын эң баалуулары болуп “Эң мыкты тасма”, “Эң мыкты режиссёр”, “Эң мыкты оператор”, “Эң мыкты кийим дизайны”, “Эң мыкты монтаж” жана башка наамдары менен кошо берилген 1998-жылдын 11 "Оскары" эсептелет.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан