Абдумалик Шерматов менен Динара Акулованын кызы, ырчы Малика Дина Орусиянын Москва шаарында төрөлгөн. Бишкек шаарындагы №67-мектепти бүтүргөн. Көпчүлүккө "Жолугабыз аз күндө", "Суранам", "Бактыма" ж.б. аттуу ырлары менен таанымал. Ал эми Маликам Динанын аткаруусундагы “Ойлорум сага” аттуу ыры "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча “2013-жылдын супер ремейки” деп табылган.