"Жебе" тобунун мүчөсү Самат Муратбеков 12-декабрь күнү сүйүктүүсү Жылдыз аттуу бийчи кызга үйлөндү. Ырчынын үйлөнүү тою Токмок шаарындагы тойканалардын биринде өттү. Эки жаш, "Жебе" тобунун жигиттери жана достору шаарды автобус менен кыдырышты.
Аларды куттуктап келген эстрада жылдыздары Данияр Эрматов, Даниэль, Бегимай Бекбоева, Алмаз Шаадаев, Нурмат Садыров, Назира Токонова ыр белек тартуулап өтүштү. Клипмейкер Эрнист Сыдыков, куудул Токтор Бекбоев дагы жаш жубайларга жакшы каалоо-тилектерин айтышты. Тамадалык милдетти Саматтын досторунун бири Руслан аттуу жигит аркалады.
"Жебе" тобун негиздеген Кенже Дүйшеева чыгармачылыктагы уулунун үйлөнүү тоюна үй-бүлөсү менен келди. "Саматтын үйлөнүшүнө эч кандай тоскоолдук кылган жокмун. Чыгармачылыгы улана берет. Жашы келип калса, экөө бирин-бири жактырып калышса, үйлөнгөнгө неге болбосун? Муну мыйзам ченемдүү көрүнүш катары кабыл алдым",- дейт Кенже Дүйшеева.