Кыргыздардын байыркы тарыхы балбал таштарда, даремети улуу "Манас" эпосунда болсо, дастандары комузунда, дасмиясы боз үйүндө болгон. Көрөңгөлүү кыргыз элинин ар бир салты, үрп-адаты өзгөчө мааниге ээ болгон. Салтты унутуу, сыйлабоо - бул жиби үзүлгөн шуруга окшош. Шуру - бул эл болсо, жип - улуттун тарыхый мурастары, салты.
"Куш болбос өз тууруна талпынбаган,
Кыз болбос өз уясын калтырбаган", - дегендей эле эзелтен кыргызда "кыздын барар жери күйөө" делип, кыз кишини өз үйүндө конок катары сыйлап, бой жеткенче аздектеп багышкан.
Илгертен эле кыргыз эли кыз узатуу салтына чоң көңүл бөлүп, ал тургай бул азем 40 күнгө чейин уланган. Ал салттардын бир нечеси өзгөрүп, жок болуп же кошулуп отуруп биздин күнгө чейин келип жетти.
Кыз узатуу каадасы кыз оюн менен коштолгон. Катар тизилген кыздар жигиттердин бет маңдайына отурушуп, "жар көрүшүү" ырлары ырдалып турган. Той көбүнчө толуп турган жайдын күнүндө же күзүндө өткөндүктөн, көпчүлүк оюн-зооктор жана ырым-жырымдар эшикте, атайын даярдалган аянтчада өткөн.
"Баркыттан кийген балдар, ай,
Баш айы көйнөк кыздар, ай,
Эртең күйөө той берет, жар көрөлү жар-жар, ай" деген өңдүү ырлар ырдалып, той шаан-шөкөткө бөлөнгөн.
Кыз оюн өткөнгө чейин баланын ата-энеси аны ээрчите малын алдына салып айдап, алдын ала бычылган калыңын алып кыздын ата-энесине барып, "жыгач түшүрдүм" деп айтышат. Мындан соң кыздын атасы жаш жубайларга ак өргөө көтөртүп берип, жарчылар той башталгандыгы тууралуу жар салып, улуттук оюндар, оюн-зоок тамашага бай майрам башталган.
"Кыз калыңсыз болсо да, каадасыз болбойт" дешип айылдын келиндери, кыздын жеңелери күйөө бала тараптан "жеңкетайлык" доолашат. Анда күйөө бала унчукпастан адеп сактап тынч отурат. "Жеңкетайлык" доолаган жеңелерге күйөө жолдош берчүсүн берип, ыраазы кылат. Андан соң жеңелер "күйөө келди, күйөө келди. Кыз оюнга келгиле" деп кабар салышат да, той уланат.
Күйөөнү колуктуга жолуктуруу аземи дагы көптөгөн ырым-жырымдар менен коштолот. Анда жеңелердин бири суу жоолукту эшип, токмок жасап, "кана, күйөө жолдош, шайтандын моюнун сындыралыбы?" дейт. Анда күйөө жолдош эңкейе берип, жеңе даярдаган токмогу менен аны 9 жолу акырын урат да, токмокту колуна берет. Андан соң күйөө жолдош барып жаш жубайларды жолуктурат.
Жогоруда айтылган жөрөлгөлөр азыркы учурда биздин коомдо көп кездеше бербейт, бирок кытайлык кыргыздар бул үрп-адаттарды азыркыга чейин сактап калышкан.
Кыз узатуу салтынын эң негизги бөлүгү - бул узап бара жаткан кызга кошок айтуу болгон. Илгертен кыргызда кызга жеңелери, эжелери жана апасы кошок айткан. Дал ошол кыз тараптан айтылган кошоктон улам кыздын кайын журту анын тарбиясына, жүрүм-турумуна баа беришкен. Кошок канчалык маңыздуу, нускалуу, таасирлүү айтылса, кыздын бедели кайын журтунун алдында жогорулаган.
Салт таануучу кытайлык кыргыз, филология илимдеринин доктору Макелек Өмүрбайдын айтуусунда башка үйгө бүлө болуп бара жаткан кызга кошок айтуу - бул кыздын жаңы үй-бүлөгө сиңип, кайрадан ата-энесиникине кайтып келбесин деген тилеги жана ошондой эле кызына болгон акыл-насааты.
"Кыргыз жеринин көптөгөн аймактарында болдум. Ал жактарда ата-бабадан келе жаткан кыз узатуу салты ар кандай бурмаланып кеткенине күбө болдум. Кыз узатуу салты кошок менен нарктуу болгон. Ал эми азыркы убакта көп жерде "кошок ыры - бул жамандыктын белгиси" деп билишет экен. Кыргыздарда кошок эки гана мезгилде айтылат, бул адамды акыркы сапарга узатып жатканда жана кызды күйөөгө берип жатканда. Эки абалда тең кошок ыйлап айтылганы менен, аларда айтылган сөздүн мааниси, максаты башка. Бирок илгери кыргызда эки абалда тең үйдөн сөөк чыгып жатат деп айтышкан. Бекеринен куда-сөөк деп айтылбаса керек", - дейт профессор.
Ошондой эле илгери кыз узатып жаткан тарап ыйлап, кошок менен өзүнүн ичиндеги сезимдерин, каалоолорун билдирип алса, азыркы тапта ошол ыйды жашырып кызды кошок менен эмес, ыр менен узатып жаткандыгы кыргызга жат көрүнүш экендигин билдирип, төмөндөгүлөргө токтолду:
"Байыртан элибизде "кыз жыргаар жерине ыйлап барат" деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Кошок менен узаган кыз барган жеринен орун алып жашап кеткен. Ал эми азыркы кыздар ыр менен узап кетип, кайра үйүнө ыйлап келип жатышат. Салттарды сактоо жана алардын түп нускасын түшүнүү үй-бүлөнүн бекем болушуна таасир этет".
Күйөөлөп келген жеңелердин колуна өткөрүп берилген кызга ата-энеси колунда бар болсо дароо кыздын себин кошо жүктөп берген. Ал эми андайга шарты жок болсо жеңе жуурканын кошо берген. Кызды өзүнүн жеңелери жеткирип барышкан. Мындан соң кудалар узап, андан ары күйөө баланын үйүндө той башталган.