Шоколад көп жебе деп сизди да чектеп турушабы? Окумуштуулар шоколаддын пайдасын айтып чыгышты

"Expressen" басылмасы Түштүк Австралиядагы Монаша университетинин жана Йелс университетинин окумуштууларынын изилдөөсүнө таянып, шоколаддын илимий жактан далилденген пайдасы тууралуу жазышты. Анда шоколадды көп колдонуудан кооптонбой эле койсо боло тургандыгын белгилеп өтүшкөн.

Алгач эле шоколад курамындагы флавоноиддин (антиоксиданттын) бар болгондугу үчүн кычкылтекти иштетүүгө жардам берет. Флавоноид заты адамдын организминин чыдамкай болуусун шарттайт. Курамында какао көп болгон шоколад минералдарга жана витаминдерге бай болот. Алардын ичинде адамдын организми үчүн эң керектүү болгон кальций, магний, темир, цинк бар.

Немис окумуштуулары кара шоколад адамдын териси үчүн пайдалуу экендигин далилдешкен. Алардын маалыматына караганда, кара шоколаддын курамындагы флавоноиддер терини ультра нурлардан коргоо касиетине ээ. Ошондой эле шоколад маанайды жакшыртат. Байкоолордун негизинде, шоколад жеп турган адамдар көтөрүңкү маанайда болуп, таттууну жактырбаган адамдарга салыштырмалуу аз жинденери белгилүү болгон. Түштүк Австралиядагы университеттин окумуштууларынын изилдөөсүнө таянсак, шоколад мээнин жакшырышын шарттап, кунт коюуну, ойду бир жерге топтоону жана эс тутумдун жакшырышын камсыздайт.

Шоколаддын дагы бир пайдалуу жагы жүрөк-кан тамыр системинин иштешин жакшыртып, жүрөк ооруларынын пайда болуусун алдын алат. Окумуштуулар мындай жыйынтыкка 2 миң кишинин катышуусунда өткөн изилдөөдөн кийин келишкен. Анда күн сайын белгилүү бир өлчөмдө шоколад колдонуп турган адамдарда жүрөк оорусу дээрлик байкалган эмес. Мындан тышкары, шоколад адамдын кан басымынын бир калыпта кармалып туруусун шарттайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bekish-
2019-12-19 04:39:25
Мен шоколад көп жейм!бирок кальцийди өлтүрөт дей беришет
0
Arman7
2019-12-19 08:56:20
Жалан журогу жакшыларды текшерсе керекда.Бир болсо шоколад менен иштегендердин саясаты
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан