Бүгүн, 18-декабрда Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовго карата каралып жаткан кылмыш иши боюнча кезектеги соттук отурум уланууда. Анда тараптардын жарыш сөзү жүрүүдө. Отурумга айыпталуучулардын жакындары жана укук коргоочу Токтайым Үметалиева катышып жатат.
Отурумда коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Сталбек Өмүрканов "Мектептин курулушун акыркы жылдары жашоочулар өздөрү кайтарып калышкан. Алар обьектиде 5 киши иштесе дагы көзөмөлдөп турушкан", - деди ал сөзүндө.
Мындан тышкары, отурумда сапатсыз салынган Ак-Ордо мектеби тууралуу дагы сөз болду. Анда Сталбек Өмүрканов ал мектепти өлкө башчы өзү кабыл алганын белгилеп өттү.
Судьяга, мамлекеттик айыпталуучуларга жана жактоочуларга 2018-жылы Сооронбай Жээнбеков Ак-Ордо мектебин кабыл алып жаткан сүрөт берилди.
Буга чейин мамлекеттик айыптоочулар Албек Ибраимовду 20 жылга Кубанычбек Кулматовду 15 жылга эркинен ажыратууну суранышкан.
Отурумга судья Кубанычбек Касымбеков төрагалык кылууда.