Ак Үйдүн жанында кош митинг өтүп жатат

Бүгүн, 18-декабрда Ак Үйдүн жанында "Reакция 2.0 Сөз эркиндиги үчүн жана коррупцияга каршы" тынчтык акциясы өтөрү маалымдалган. Ал саат 11:30да башталып, бирок ага удаа желек көтөргөн жана калпак кийген 20дай киши да тынчтык акциясына келип кошулду. Арасында "Кырк чоро" кыймылынын лидери Замир Көчөрбаев да жүрөт. Алар "биз тынчтык акциясына каршыбыз" деп айтышты. Андан ары эч кандай позициясын билдирбей тарап кетишти.

Тынчтык акциянын уюштуруучулары "чагымчылдыкка алдырбайлы" деп катышуучуларга чакырык жасашууда.

Буга чейин бул тынчтык акция 25-ноябрда болуп өтүп, ал бийликке сары айып кагазын көрсөтүү менен аяктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан