Кыргыз-Тажик чек арасында октон айылдык кеңештин депутаты жаракат алды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал Кеңеш айылынын депутаты болгон. Ошондой эле 4 жаран ар кандай жаракаттарды алган. Алардын үчөө аскер кызматкерлери. Бардыгына медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Ал эми эртең менен октон жаракат алган жаранга операция жасалууда.
Абалды турукташтыруу үчүн Башкы Штабдын төрагасынын биринчи орун басары жана ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков Баткен облусуна учуп кеткен.