Тажикстанда 8 жаштагы өгөй кызын зордуктоого аракет кылган деп шектелип өгөй атасы кармалды. Кыздын апасы жолдошу тарапта

Тажикстандын Хатлон облусунда 8 жаштагы өгөй кызын зордуктоого аракет кылды деп шектелип 36 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу тажик басылмалары жазышты.

Ага ылайык, укук коргоо органдарына кыздын өз атасынын туугандары арыз менен кайрылышкан. Иш боюнча облустук прокуратура кылмыш ишин козгогон.

Шектүү күнөөсүн, тагыраагы тийишкенин мойнуна алганына карабай, кыздын апасы бардык айыптоолорду четке кагып келгени айтылууда.

"Ал балдарды абдан жакшы көрөт. Атүгүл кичинекей уулун дагы тиштегилеп жиберет. Кызды да ошентип койгон экен, анын денесинде бир нече так калыптыр. Ошол нерсе зордуктоого аракет жасаган деп шектенүүгө себеп болууда", - деп кыздын апасы жолдошун жоопкерчиликтен бошотууну суроодо.

Соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, кыздын зордукталбаганы аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
JaneEr
2019-12-18 19:16:40
Тажиктер не болсо ошо болсун
+10
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан