Бүгүн, 18-декабрда Бишкек шаарынын борбордук аянтындагы 7-Апрель эстелигинин алдында "Reакция 2. Сөз эркиндиги үчүн жана коррупцияга каршы" аттуу митинг өттү. Бул митинг буга чейин 25-ноябрда дагы уюштурулган болчу.
Саат 11:30га белгиленген митингге эл топтоло баштаганда башка тараптан кыргыздын желегин көтөрүп, башына ак калпак кийген топ келе жатты. Журналисттер ал топтун алдын утурлап, антимитинг эмеспи деген суроолорду узатышты. Мындагы жигиттердин бири алардын тобу бүгүнкү митингге каршы болуп келишкенин айтканы менен башкалары кепти бөлүп, болгону тынчтык үчүн келдик деп жооп беришти.
Бул ортодо "Кырк чоро" кыймылынын лидери Замир Көчөрбаев келип: "Бул келгендер биздин кыймылдын балдары деген кеп тарады. Мен аны тактоо үчүн келдим. Азыр билбейм, аларды ким уюштурганын", - деп билдирди. Митингден кийин биз ал менен байланышканда ал балдардын бизге тиешеси жок деген жоопту узатты.
"Reакция 2" урма аспаптын коштоосунда өттү. Катышуучулардын негизги талаптары "Сөз эркиндигине басым, кысым көрсөтпөө", "Прокуратура коррупцияга карата конкреттүү кадамдарды жасасын" болду. Алар соттордон жана прокуратурадан буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан коррупция боюнча даярдалган иликтөөлөргө реакция кылышын талап кылышты.
Митингге "Ачык саясат" гезитинин редакциялык жамааты да келип кошулду. Алар бүгүн "Кожобек Рыспаевге 1 сомдон" аталышындагы акцияны башташкан. Буга Жогорку Соттун аталган гезиттен 300 миң сом доо Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевге өндүрүп берүү чечимин күчүндө калтыргандыгы себеп болгон.
Ошол эле учурда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун "Азаттык", "Клооп" жана "24 кж" сайттарына карата 50 миллион сомдук доо арыз жазганы сөз эркиндигине карата жасалган басым деген оюн КСДПнын мүчөсү Кундуз Жолдубаева айтып өттү.
Митингдин соңунда катышуучулар сотторго жана прокуратурага кызыл айып кагазын көрсөтүштү. Андан кийин митингдин убактысынын созулуп жатканы шаар тургундарына, жол кыймылына ыңгайсыздыктарды жаратып жатканын айтып, эскертип милиция кызматкерлери топтолгондордон тарап кетүүсүн өтүнүштү. Бирок ага келгендер митингдин талаптары жазылган кагазга кол коюуну улантып жатышты.
Ага удаа эле Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов бул митингдерди саясий кызыкчылыктары бар адамдардын аракети деп сыпаттай турганын жазды.