КҮНСОБОЛ: АКШга жана ЕККУга Тышкы иштер министрлигинин "эгемендүү мамлекеттин ички иштерине кийлигишпегиле" деп коңгуроо какканы туура чечим болдубу?

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

2015-жылы өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровго сыйлык тапшырылганына каршылык билдирүү максатында Кыргыз өкмөтү АКШ менен болгон макулдашууну бир тараптуу денонсация кылууга барган.

Жакында эле Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун ЖМКлар боюнча өкүлү Арлем Дезирдин Кыргыз өлкөсүндөгү сөз эркиндигине байланыштуу бир тараптуу жана чыныгы кырдаалды чагылдырбайт деп айткан. Тышкы иштер министрлиги ЕККУнун өкүлүнө жана АКШнын Өкүлдөр палатасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин ошол сыяктуу комментарийлерине карата "биз муну эгемендүү өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү аракети деп баалайбыз" деди.

SUPER.KG порталы "АКШга жана ЕККУга Тышкы иштер министрлигинин "эгемендүү мамлекеттин ички иштерине кийлигишпегиле" деп коңгуроо какканы туура чечим болдубу?" деген собол салды.

МАМАТАЛИЕВ: "Башка мамлекет экинчи мамлекеттин ички иштерине кийлигишкени туура эмес"

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев мамлекеттер бири-биринин ички иштерине кийлигишпеши керек деген ойдо.

"Башка мамлекет экинчи мамлекеттин ички иштерине кийлигишкени туура эмес. Бир өлкөгө жол көрсөтүп, минус же плюстарын айтуу жакшылыкка алып келбейт. Ар бир мамлекет өзүнүн ички көйгөйүн өзү чечиши керек. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун маалымат каражаттарынын банктык эсептерин камакка алганы боюнча айтканы туура эле. Ооба, ар бир жаран укугун коргоп сотко бергенге укугу бар. Бирок банктык эсепти бир заматта жаап салганын кысым катары болуп калат. Бул туура эмес көрүнүш", - дейт Маматалиев.

ОСМОНБЕТОВ: "АКШ менен ЕККУнун билдирүүсү Кыргыз өлкөсүнүн ишине киришкендик эмес"

Саясий серепчи Эдил Осмонбетов АКШ менен ЕККУнун билдирүүсү Кыргыз өлкөсүнүн ишине киришкендик эмес деген пикирин билдирди. "Маселенин эки жагы бар, Тышкы иштер министрлиги ички саясатынын же жарандарынын кызыкчылыгын коргош керек. Ошого жараша мындай билдирүүлөргө реакция жасаганы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок Эл аралык дипломатиянын негизги эрежеси боюнча реакция бербеши керек эле. Себеби Кыргыз мамлекети эл аралык келишим, конвенциялардын катышуучусу. Бул жагынан алып караганда алардын айткан сөздөрүн киришүү катары кабыл албаса деле болот. Алар эл аралык өнөктөш катары пикирин билдиришти. Учурда Кыргыз өлкөсүндө оор абал болуп жатат. Ошондуктан биздин өлкөдөгү абал саясий-стратегиялык шериктерибиздин көңүл чордонунда турат десек болот" , - деди Осмонбетов.

ТИЛЛАЕВ: "Башка мамлекеттерге, уюмдарга өздөрүнүн сүрүн көрсөткөнгө жол бербешибиз керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев Тышкы иштер министрлигинин коңгуроо какканын колдой турганын билдирди.

"Биз эгемендүү мамлекет болгондон кийин бардык ички маселелерди өзүбүз чечишибиз керек. Уюмдун же башка мамлекеттин ички маселеге кийлигишкенге укугу жок. Соттук иштерге сырткы эмес, ичтен президент, депутат, өкмөттүн дагы кысым көрсөтүүгө укугу жок. Тышкы иштер министрлиги туура коңгуроо какты. Бул сабак болушу керек. Башка мамлекеттерге, уюмдарга өздөрүнүн сүрүн көрсөткөнгө жол бербешибиз шарт", - дейт Тиллаев.

МАМБЕТАЛИЕВ: "АКШга жана ЕККУга Тышкы иштер министрлигинин "эгемендүү мамлекеттин ички иштерине кийлигишпегиле" дегени туура эмес"

"АКШга жана ЕККУга Тышкы иштер министрлигинин "эгемендүү мамлекеттин ички иштерине кийлигишпегиле" дегени туура эмес"

Коомдук ишмер Кубан Мамбеталиев Тышкы иштер министрлигинин коңгуроо какканы туура эмес деген пикирде.

"БУУ бул бүтүн дүйнөдөгү мамлекеттердин уюму, ошого мүчө болгондон кийин алардын эрежелерин аткарыш керек. Алардын укукка болгон, Азимжан Аскаровго болгон чечимдерин сыйлашыбыз шарт. Биз аны сыйлаган жокпуз. Алар түз жерден айтпайт да. Уюмдун юристтери, укук коргоочулары бар. Анын баарын текшерип чыгышкан. Азимжан Аскаровго сыйлык тапшырылганда, анын ишин карап чыгарыш керек болчу. Биздикилер чыгарган жок.

Тышкы иштер министрлигинин "эгемендүү мамлекеттин ички иштерине кийлигишпегиле" дегени туура эмес. Алар биздин ички иштерге кийлигишкен жок, алар жалпысынан айтып жатышат", - дейт Мамбеталиев.

САБИРОВ: "ТИМдин билдирүүсү мамлекеттин ичиндеги нерсени сырткы саясатка аралаштырбагыла деген сөз"

Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабировдун айтымында, ТИМдин билдирүүсү мамлекеттин ичиндеги нерсени сырткы саясатка аралаштырбагыла деген сөз.

"Тышкы иштер министрлиги азыркы абал менен карагыла деп жатат. Ички абалда эч кандай ызы-чуу жок деп билдиришти. Бул жалпы саясатта болуп жаткан нерсе эмес, мамлекеттин ичиндеги нерсени сырткы саясатка аралаштырбагыла деген сөз. Азыркы абал боюнча Тышкы иштер министрлигинин чечими туура болду. Ал эми саясий жагынан дагы карап чыгуу керек", - дейт Сабиров.

КЕЛДИБЕКОВ: "Эгемендүү өлкөнүн ички иштерине башка мамлекеттин кийлигишүүсүнө эч качан жол берилбеши керек"

Саясатчы Ахматбек Келдибеков мындай нерселер дипломатиялык жол менен айтылышы керек деген пикирде.

"Эгемендүү мамлекеттердин ички иштерине башка мамлекеттердин же башка мамлекеттин структураларынын кийлигишүүсүнө эч качан жол берилбейт. Бул туура эмес. Тышкы иштер министрлигинин коңгуроо какканы эң туура. Мындай нерселер дипломатиялык жол менен айтылышы керек. Алардын ички иштерге кийлигишип жатканы, комментарий бергени туура эмес", - дейт Келдибеков.




кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан