Британияда өзгөчө кыз төрөлгөн. Ал тубаса сөөктөрүнүн бузулушуна алып келген генетикалык ооруга чалдыгып, 2 жашында өз курагынан улуу көрүнүп, кемпирге окшошуп калган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Эки жаштагы Исла Килпатрик-Скритондун сөөктөрү бузулуп, салмагы 6 килограмм 800 граммга гана чыгат. Анын дем алуу органдары начар өрчүгөндүктөн, жакшы дем ала албайт. Андан сырткары, кыздан жүрөк кемтигин табышкан. Исла сүйлөй албагандыктан, туугандары менен тил кыймылы аркылуу байланышат. Ата-энеси кызын эркелетип "кемпир" деп атап алышкан. "Биз буга чейин бир да мындай ооруну көргөн эмеспиз. Муну "Бенджамин Баттондун оорусу" деп атап койсо болот", - дешет дарыгерлер.