Кыргыз-Тажик чек арасында абал салыштырмалуу тынч. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, чыр-чатакты ырбатпоо үчүн Кыргыз-Тажик жарандары тарабынан Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасынын тактала элек тилкесине салынган тосмо дубалдарды алып салуу иштери башталды. Алгач Кыргыз жараны Баткен облусундгы Баткен районунун Көк-Сай жергесинде шарттуу чек ара сызыгына жакын жерден ага бөлүнүп берилген жер тилкесине тосмо дубал уруп алган. Андан соң 16-декабрь күнү Тажик жарандары Баткен облусунун Көк-Таш айылындагы шарттуу чек ара сызыгына жакын жердеги дүкөнүнө канатташ кылып дубал урушкан. Коомдук тартипти сактоо иретинде укук коргоо органдарынын кызматкерлери чек арага жакын аймакты тынымсыз кайтарууда. Баткен облусунда жайгашкан чек ара тарамдары күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп жатышат.