Быйыл кышкы туристтик сезондун расмий ачылышы 28-декабрда болот. Турсезондун кеч ачылышына кардын жоктугу себеп болгонун Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
“Ак-Түз” тоо лыжа базасында кардын жоктугуна байланыштуу 2019-2020-жылдардын кышкы турсезонунун расмий ачылышы 28-декабрга жылдырылды деп айтылат маалыматта.
Туристтик сезондун ачылышында баалуу байгелер коюлган сынактар, оюн-зооктор жана эстафеталар уюштурулат. Мындан сырткары, концерттик программа, тоо лыжа жана сноуборддорду тебүү боюнча түшүндүрмөлөр өткөрүлөт. Ачылышка катышууну каалагандар үчүн Бишкектен атайын транспорт уюштурулат.