+87. Анын жарымынан көбү Бишкекте аныкталды. Бул соңку 3 ай ичиндеги коронавирус жуктуруп алуу боюнча эң жогорку көрсөткүч

Бүгүн, 15-июнга карата өлкөдө дагы 87 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн-брифинг учурунда айтты.

Алар:

Бишкек шаары - 48;
Чүй облусу - 11;
Ош шаары - 18;
Ош облусу - 5;
Ысык-Көл облусу - 2;
Жалал-Абад облусу - 3.

Муну менен республика боюнча инфекцияны жугузгандардын саны 2 миң 372ге жетти.

Кыргыз өлкөсүндө коронавирус биринчи жолу 18-мартта катталган. Андан бери аталган илдетти эң көп 6-апрелде 69 адам, 10-майда 71 адам, 18-майда жана 14-июнда 78 адам жуктуруп алганы аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Farra16gsin
2020-06-15 10:18:05
Биротоло баары ооруп бутсө экен күнүгө эле көбөйүп баратат ко азайбай эле же чоңдор өздөрүда ооруса болмок анча болгондон кийин
+4
bond02
2020-06-15 10:28:33
Ооругандардын санын эле айта бербей баягы элден чогулган акчанын санын да айтып тургула.
+7
algakaray
2020-06-15 10:55:09
Жакында кытайлар дагы келет экен Чайна роуд компаниясы жол куруучулар. Этап этап менен келишет 300 адам деп уктум.
+2
Nazar76
2020-06-15 11:33:19
algakaray,Алар кече келди
0
Samatalibei
2020-06-15 12:47:32
Митинге каршы көбөйө берет тура. Митинг болбойт азайткыла вирусту. Элдин баары сыртта жүрөт жугуштуу болсо бир күндө Бишкек шаарындагы жашоочулардын баарына жукмак! Бир эле мисал Вирус жугузган киши Базарга барат маршруткага чыгат жанындагы маршруткадагы адам Ош базарга Дордойго барат кыскасын айтканда вирустун башы айланып калды. Вирусту аяп кетесиң Айла жок күлкүң келет. Ач отурган элди вирус менен коркутпагыла!
+4
Mir.mir
2020-06-15 12:57:07
Кыргызстанда ноябрда эле башталган ооруп бутконбуз эчак эле бул цифраларда саясат бардай кыскасы
+6
urmat94
2020-06-15 21:09:36
Митингден коркуп эле кобойтуп атышат Адамдар базарлардан жуктуруп атышат деп коёт анда вирус кочодоле журот экен да кантип токтотушат эми? Вирусту коргондор айтып койгулачы камап салышсын )))
+1
mirlan.tulanbaev
2020-06-15 21:26:34
Каяктагы цифраны алып жазып койдунго 87 деп.эл тажады силердин саясатынардан.эл окмоттон жардам эч убакта куткон эмес болду эл тиричилигин кылсын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан