Акыркы сутка ичинде коронавирус инфекциясын дагы 450 адам жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова онлайн жыйында билдирди.
Бишкек шаары - 229;
Чүй облусу - 84;
Ош шаары - 32;
Ош облусу - 23;
Жалал-Абад облусу - 47;
Баткен облусу - 10;
Ысык-Көл облусу - 13;
Нарын облусу - 11;
Талас облусу - 1.
Жаңы катталгандын баары тастыкталган учурлар менен байланышта болгондор. Стационарда – 602, алардын ичинен жандандыруу бөлүмүндө – 21, үй карантининде дарыланып жаткандар – 4 524.
Жалпы саны 8 миң 141ге жетти.