Индияда өзүн жегенге аракет кылган жылан видеого тартылып калган

Социалдык тармактарда жыландын өз куйругун жегенге аракет кылган видеосу тарады. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Ага Индиянын токой кызматынын офицери Сюзанта Нанда күбө болгон жана ал интернет желесине видеону тараткан. Жылан 32 секунд өзүнүн куйругун тиштеп турган, анын оозуна суюк затты куйганда куйругун бошоткон.
"Жыландардын бул түрү бака, балык жана башка өзүнөн кичине болгон сойлоочу жандыктар менен азыктангандыктан, көбүнчө өз куйругу менен чаташтырып, өзүлөрүн жей башташат. Мындай көрүнүш өмүр менен өлүмдүн чексиз айлампасынын эң сонун мисалы", - деп түшүндүргөн Индиянын жашоочусу.


Буга чейин Таиланддын Прачинбури провинциясында үч метрлик падыша кобрасы бир жыланды кармап, жутуп алгандыгы видеого тартылып калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurhan2702
2020-09-03 11:28:29
Тообо. Башка соз жок
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан