Айзуура Иманалиева телеалпаруучулук кесибин улантып баштады. "Балдарды түшкө чейин атасы карап жатат" дейт ал

Төкмө акын Элмирбек Иманалиев менен ырчы Гүлбү Ороскул кызынын тун кызы Айзуура Иманалиева телеалпаруучулук кесибин улантып баштады. Декреттик өргүүдөн кийин ишке чыккан Айзуура айым 3 жыл үйдө отурганын айтып буларга токтолду.

"3 жыл аралыгында балдар менен үйдө отурдум. Дал ошол аралыкта апамды да, атамды да жоготтук. Анан стресске, депрессияга кабылдым, ден соолугум да жабыркай баштаганын сезип калдым. Жолдошум Мирзат Муканов иштеп, алаксып көр деп сунуш айтты. Ал ортодо НТС телеканалынан таңкы берүүнү алып барууга чакыруу келди. Мурда ошол эфирди алып барчумун. Жумуш убактысы ыңгайлуу болгондуктан, ишке чыктым. Балдарды түшкө чейин атасы карап жатат. Эфирден чыгып, шашып үйгө келем, мен келерим менен атабыз жумушка кетет. Балдарымдын атасына рахмат, ушундай колдоо көрсөтүп жатканына.

Эртеден бери "Оор кырдаалдан суурулуп чыгып, эфир алып барып жатыпсың, азаматсың!" деген өңдүү куттуктоолор келип жатат. Алдыда "атасынын жылдыгы өтпөй жатып, эфирге чыгып алыптыр" деген сөздөр болушу мүмкүн. Бирок мени чындап түшүнгөн, колдогон адамдар бул кадамымды туура кабыл алышат деп ойлойм. Өзүмдү алаксытуу максатында ишке чыктым", - деди ал.

Айзуура Иманалиева менен диктор Мирзат Муканов 2016-жылы баш кошушкан. Түгөйлөр бир уул, бир кызды тарбиялап келишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
AdylbekB84
2020-09-02 18:48:27
Туура чечим иштеп алаксыш керек адам, болбосо стресске кабылып отуруп ооруну өзүбүз чакырабыз. Бир профессор академик наук айтыптыр, рак 2 эле жол менен келет! 1. Генден 2. Стресстен, жабык мүнөздөн, көр албастык, ичи тардык, пессимистиктен деп! Ошон үчүн стресске түшпөш керек экен!
+11
Jaka78
2020-09-02 18:52:06
Ишиңе ийгилик
+6
Ka2sr1
2020-09-02 19:05:33
Сулуу экенсин.
+3
anash
2020-09-02 21:08:31
Азаматсын Элмирбек агайды сыйлачыбуз
+4
Nursul
2020-09-02 22:33:54
Ишиңе ийгилик атасынын сулуу кызы. Элмирбек агайды жакшы көрчү элем жаткан жери жайлуу болсун.
+4
Aliza_96
2020-09-03 10:21:31
Олгондун артынан олбойт экенбиз да, жашоону улантыш керек
0
Birimdik5555
2020-09-12 20:23:24
Ишине ийгилик,уй-булон менен бактылуу бол
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан