37 жаштагы орусиялык ырчы, актриса, телеалпаруучу Алсу социалдык тармакта деңиз жээгинде жолдошу менен түшкөн сейрек сүрөттөрүн жарыялады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, ырчынын жолдошу эл алдына чыгуудан алыс болууну каалайт. Ошондуктан анын катышуусундагы кадрлар социалдык тармакка аз жарыяланат.
Ырчынын күйөрмандары романтикалык сүрөттөрдү көрүп, көптөгөн жагымдуу пикирлерди калтырышкан.
"Кандай сонун түгөйлөр", "Абдан сонун сүрөт экен. Силерди карап туруу жагымдуу", "Укмуштуудай романтикалык сүрөт", "Супер түгөйлөр", "Силер башкаларга үлгүсүңөр", "Аябай келишимдүү түгөйлөр" деген пикирлерин жазышкан.
Эске салсак, ырчы 2006-жылы турмушка чыккан. Түгөйлөрдүн 3 баласы бар. Алсунун жолдошу социалдык тармакка чыгууну каалабагандыктан, алардын чогуу түшкөн сүрөттөрү көп чыкпайт.
2019-жылы жазында Алсу менен Ян Абрамов ажырашып кетти деген кептер тараган. Бирок ырчы кийинчерээк социалдык баракчасындагы жолдошу менен түшкөн сүрөттөрдү өчүрүп чыккан. Мындан бир нече ай өткөн соң кайрадан социалдык тармакта түгөйлөрдүн жагымдуу сүрөттөрү жарыяланган.