Президент Сооронбай Жээнбеков: "Шайлоону пайдаланып, ызы-чуу кылып, өзүнө упай топтогусу келгендер көз жаздымда калбайт"

"Добушту сатпай коюу ар кимибиздин жеке эркибиз. Эч ким мажбурлабайт. Ошон үчүн шайлоону таза өткөрүү милдети бир гана мамлекеттик бийликтин колунда эмес, ал ар бирибиздин, ар бир шайлоочунун колунда", - деди президенти Сооронбай Жээнбеков 5-сентябрда "Биринчи радиосуна" берген кезектеги маегинде.

Мамлекет башчы таза шайлоо өлкөнүн өнүгүүсү үчүн негизги шарттардын бири экенин айтып, шайлоону ачык-айкын өткөрүү үчүн президент катары өз милдетин толук аткарып жатканын жана аткарарын белгиледи. Ал шайлоону таза өткөрүү үчүн көрүлгөн чаралар жөнүндө айтып берди.

"Биринчиден, мыйзам талаасын кечиктирбей өз убагында оңдоп, түзөдүк. Мен эки жыл мурун айткам, көп кемчиликтер бар, оңдош керек, шайлоого бир жыл калганда мыйзам талаасын баары билиши керек. Шайлоо кандай өтөт, кандай мыйзам менен өтөт - ошонун баарын тең билиш керек", - деп баса белгиледи президент.

Ошондой эле ал атайын жумушчу топ түзүлүп, ал жумушчу топко президенттин аппаратынан, өкмөттөн, Жогорку Кеңештин депутаттарынан, аппаратынан, эң негизгиси коомчулуктан, жарандык коомдун өкүлдөрүнөн кирип, мыйзамдарга өзгөртүүлөр боюнча бир жылдай иштеп, Жогорку Кеңеш ошол өзгөрүүлөрдүн баарын кийин кабыл алып бергенине токтолду.

"Биз шайлоого катышам дегендер үчүн мыйзамды тактап бердик. Алар үчүн мыйзамдык негизде эч кандай күтүүсүз жагдайлар чыккан жок", - деген Сооронбай Жээнбеков парламент мурдагы 9 пайыздык шайлоо босогосун 7 пайызга түшүргөнүн кошумчалады.

"Мен бул чечимди колдоп, тиешелүү мыйзамга кол коюп бердим. Эмне үчүн дегенде, бул — парламентке көбүрөөк партиялар келгенге, көбүрөөк саясий күчтөр болуп, парламентте ачык талаш-тартыш менен мамлекеттин өсүшүнө салым кошсун деп, кабыл алдык. Кыскача айтканда, азыр бардыгы тең шайлоо эрежелери менен тааныш. Саясий күчтөр, саясий партиялар, шайлоого катышам деген ар бир Кыргыз өлкөсүнүн жараны ошол мыйзам боюнча кабардар. Биз бул багытта бардыгын жасап бердик.

30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында парламентке кайсы партиялар жеңип келсе, өлкөнү өнүктүрүү багытында иштешүүгө даярдыгымды расмий билдиргем.

Албетте, коомчулуктун, айрым бир саясий күчтөрдүн кооптонуусун түшүнүп турам. Коомчулукта айтылып жаткан бардык көйгөйлөрдөн кабардармын. Анын ичинде президенттин аппараты дагы бардык актуалдуу маселелерди мага билдирип турушат. Биз эки ирет элдик толкундоону баштан өткөргөнбүз. Айрыкча, 2010-жылы абдан трагедиялуу окуялар болду. Апрелдеги, Оштогу июнь окуясы. Ошол эки революциянын себеби — ушул шайлоонун кесепетинен чыккан толкундоо болду", - деди өлкө башчы.

Сооронбай Жээнбеков коомчулукта ар кандай кооптонуулар, имиш кептер да бар экенин кошумчалады.

"Шайлоо туура эмес өтөт деп шек санагандар дагы бар. Эмитен эле шайлоо туура эмес өтөт деп элдин оюна сиңиргенге аракет кылган күчтөр бар. Эмитен эле шайлоо туура эмес өтөт деп, элди көчөгө чыкканга даярдангыла деген да күчтөр бар. Анын баарын көрүп турабыз. Дагы айтып коюшум керек — президент катары мен тараптан, президенттин аппараты тарабынан бардыгына бирдей мамиле болот. Бардык мамлекеттик органдарга бирдей талап болот. Келип бюллетень таштайм, шайлайм деген ар бир адамга тоскоолдуксуз оюн билдиргенге шарт түзүп беребиз", - деп белгиледи мамлекет башчысы.

Президент ошол эски адат менен, ушул шайлоонун эпкини менен тынчтыкты буза албаса да, учурдан пайдаланып, кырдаалды чайпап жибергиси келгендер да бар экенин айтты.

"Андайларга алдын ала чаралар көрүлө турганын кечээ жакында Коопсуздук кеңеште да так кесе айтылды. Чечим кабыл алып, анда да так, даана жазылды. Мен да катуу талап койдум.

Шайлоо процессине катыша турган бардык тараптар үчүн бул алдын ала кагылган коңгуроо деп түшүнсө болот. Анткени, дагы айтам, өлкөдөгү тынчтыкты, элдин коопсуздугун сактоо — менин негизги милдетим. Бул милдетти аткарып келатам", - дейт мамлекет башчы.

Ал шайлоону пайдаланып, ызы-чууну каалагандар, өзүнө упай топтогусу келгендер баары көз жаздымда калбастыгын дагы бир жолу баса белгиледи.

"Мен биздин кеменгер элибизден, биздин жарандык коомдон да чоң колдоо болот деп терең ишенем. Шайлоонун тынч өтүшү — бул бир эле мага эмес, жалпы элибизге, коомчулук үчүн керек маселе. Ал эми шайлоо тазалыгын айтсам, президент, Борбордук шайлоо комиссиясынан тышкары, саясий партиялар, саясатчылар, коомдук активисттер, шайлоочулар — баарыбыз жооптуубуз. Муну терең түшүнүү керек.

Эгерде ар ким өзүнөн баштап, анан жанындагы адамдарга ошондой талапты коё-билсе, шайлоо таза, адилеттүү өтөт деп ишенем.

Мен президенттик милдетимди, БШК өз милдетин, партия, шайлоочулар өздөрүнүн укугу менен кошо милдетин так аткарса эле шайлоо таза өтөт. Бул ар бирибизге байланышкан нерсе. Ошондуктан байкоочу же сынчы эмес, баарыбыз катышуучу болушубуз керек. Мен бардык мекендештеримди дагы бир ирет жоопкерчиликке чакырам. Бул — жалпы улуттук милдет деп баарыбыз тең сезишибиз керек", - дейт өлкө башчы шайлоо тууралуу суроолорго жооп берген маегинде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Belek1710
2020-09-06 08:37:00
Көз жаздымыңы түшүндүк уже!
+13
Agayu
2020-09-06 10:29:47
Билбейм , менмин деген уч президент кетти го , сиз алардын катарында элесиз эл учун .Биз Турменстан. Тундук Кореяда жэ Таджикстан , жэ Казахстан жэ Белероссияда жашап жаткан жокпуз да .
+13
Mirnar
2020-09-06 11:51:36
Бакиев Курманбек Салиевич эн мыкты президент болгон!Ошол киши командасы менен ушул кунго чейин иштегенде ,мамлекетибиз онугуп кетмек!!!
+5
Jelezo
2020-09-06 15:24:53
Mirnar,мыкты болсо качбайт эле кичине булганып калган жери бар.
+5
Felice41
2020-09-06 16:31:26
Урматтуу президент сиздерден да жогорку бийлик бул эл. Эл адилеттүүлүк үчүн күрөшөт.
+7
komn47
2020-09-06 22:05:42
Озу болотурганы Бутун Кыргызстан эле, ушу кылганын болбойт да Соке
+3
PROS
2020-09-07 11:39:13
Мадумаровко намекать хтип жаткан кербези го!!!
+2
Felice41
2020-09-07 11:57:33
Элдин көз жаздымында эске алгыла.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан