Адилет Канымбеков, «Мекеним Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер: "Аймактар – өлкөнүн өнүгүүсүнүн өзөгү"

Келе жаткан шайлоого аттанган партиялардын ичинен алгачкылардан болуп «Мекеним Кыргызстан» партиясы талапкерлердин тизмесин жарыялады. Талапкерлердин арасында бир нече азыркы парламенттин депутаттары болгону менен негизги басым жаштарга жасалган.

Мисалга алсак, парламентке ат салышууга камынып жаткан жаштардын арасында коррупция тармагында жүргүзгөн иликтөөлөрү менен белгилүү журналист Эльнура Алканова, юрист Канатбек Азиз жана ишкер Кылыч Исамамбетов бар. Талапкерлердин ичинен бир нече айыл чарба тармагы боюнча мыкты адистер орун алган. Алсак, Мирлан Бакиров буга чейин фермерлерди колдоого багытталган бир нече мыйзам долбоорлорун иштеп чыккан. Ал эми Эрлист Акунбеков бир нече жылдан бери фермердик бизнес менен ийгиликтүү алектенип келет. Ал эгин талааларын дарылоо жана өстүрүү боюнча жаңы технологияларды ишке киргизген. Мындан сырткары Акунбеков жети агролабораториянын жана фермерлерди колдоо фондунун негиздөөчүсү. Алардын катарын толуктаган "Мекеним Кыргызстан" партиясынын жаштар канатынан Адилет Канымбековго бүгүн жаштар ак боз ат мингизип, аксакалдар ак батасын беришип, чоң жарышка аттандырды. Жаш талапкер Адилет Канымбеков:

- Соңку жылдары мамлекеттин саясаты аймактарга жүз бурду. Муну биз кош колдоп колдойбуз. Дал ошол күчтүү аймактар – өлкөнүн өнүгүүсүнүн өзөгү.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы азыр аймактарга бизнести тартуу, жер-жерлерде өндүрүштү жана ишкерликти өнүктүрүүгө дем берүү үчүн колдон келгендин баарын жасоо керек деп эсептейт. Бул багытта алдыга жылуу үчүн төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:

- Региондордо энергетикалык, транспорттук, маалыматтык-коммуникациялык жана социалдык-маданий инфраструктураларды түзүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун аныктоо. Ар бир аймак үчүн сунушталган долбоорлордун каталогун түзүү;

- Табигый ресурстарды казуудан түшкөн пайданы мамлекет, жер казынасын пайдалануучулар жана жергиликтүү жамааттар ортосунда адилет бөлүштүрүүнү камсыз кылуу. Бул аймактардын кирешесинин өсүшүнө оң таасирин тийгизет;

- Кен байлыктарды казуудан жана иштетүүдөн тышкары "жашыл" экономиканы өнүктүрүүнүн алкагында курулушка, өндүрүшкө, IT-долбоорлорго кызыкдар инвесторлор үчүн фискалдык жана административдик жеңилдиктерди берүү жолу менен региондордогу инвестициялык климатты жакшыртуу;

- Өз шаарларын жана айылдарын өнүктүрүүнүн стратегияларын жана долбоорлорун пландаштырууга жергиликтүү тургундарды тартуу менен стратегиялык сессияларды өткөрүүнүн методологиясын киргизүү. Акырындап аймактардын финансылык көз карандысыздыгын чыңдоо. Экономиканы өнүктүрүү менен региондордо жашаган калктын турмуш шарты жакшырышын камсыз кылуу;

- Туризмди активдүү өнүктүрүү. Кыргызстан – жаратылышы кооз өлкө. Ар бир аймак туризмдин кайсы багытын өнүктүрө аларын аныктоого тийиш. Ал эми мамлекеттин милдети – ошол багытты колдоону камсыз кылуу дейт "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Адилет Канымбеков.

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан