Бүгүн, 7-сентябрда Бишкектин Административдик сотунда "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын арызы каралууда. Партия арызды Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы болгондугунан жазган. Сот отуруму саат 16:30да белгиленген, саат 16:50дө отурум башталды.
Ага журналисттер киргизилгендиги менен видеокамерага тартууга тыюу салынып, операторлор сыртта калтырылды. Отурумга судья Анар Эгембердиева төрайымдык кылууда.
БШКнын жыйынында жумушчу топ "Бүтүн Кыргызстан" партия "талапкерлерди аныктоодо эреже бузган" деп таап, партияны каттоодон баш тартуу сунушун берген. Жыйынтыгында БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун сунушун колдоого алып, "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясын каттоодон баш тартышкан.