Поэтерапия: "Бекер эле жан кейитип сүйдүмбү, көп балээни кыл жаныма үйдүмбү?"

Тектеш кабарлар: Поэтерапия рубрикасындагы ырлардын топтому (67 материал)
Бул жолку "Поэтерапия" рубрикасынын коногу таланттуу жаш акын Бексултан Бабырбек уулу. Ал 2000-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Чоң-Багыш айылында төрөлгөн. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология бөлүмүнүн 3-курсунун студенти. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсү. Ыр жазууну 9-классынан баштаган. Биринчи жолу ыр жыйнагы 2016-жылы чыккан. Ошол эле жылы Жалал-Абадда облустук конкурска катышып, биринчи орунду алган. Жалал-Абад облусундагы "Аймак" жана "Ноокен" гезиттерине ырлары жарыяланып турган. 2018-жылы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган конкурстан студенттер арасында биринчи орунга ээ болгон. "Майдан", "Учкун" адабий клубдарынын мүчөсү.

СЕНДЕН ТАБАМ

Калемим кайра-кара колго алам,

Кайратым жетпечүдөй ойдо калам.

Көөдөнүм ачылбаса көйгөйлөрдөн,

Бакытты, поэзиям, сенден табам.

Кээде мен кекчилдиктен кетпей калам,

Куураган отун сымал өчпөй жанам.

Ыйлатып жаным эзген жаралардын,

Дарысын, поэзиям, сенден табам.

Сумсайып сый-урматка жетпей калам,

Сыртыман билгизбөөгө күлүп алам.

Тырышып кара жаным өзүң менен,

Тың иштеп туу чокусун бирге табам.

- Поэзия тууралуу ырымдын жаралуу тарыхына токтоло кетсем. Эң биринчи турмуштук темага арналып жаткан ыр болчу. Башка акындар сыяктуу мен дагы ыр жаралып, даяр болгондо темасын коём. Көкүрөктөгү айтылуучу сөздөрдү акын көбүнчө ыр менен жеткиргиси келет. Ошонун сыңарындай мен дагы кырдаалга жараша эргүү менен илхом келгенде башканы коюп жазып калам. Бул убакта 2-курстун студенти элем. Ошол кезде китеп көп окуп, акындардын ырларынын стилине көбүрөөк маани берип, өзүмдүн стилимди табууга аракеттендим. Улуу акыныбыз Алыкул Осмоновдун поэзияларынан үлгү алып, мен дагы поэзия жанрына айкалыштырып жазып баштагам. Ошон үчүн поэзияга арнаган ырымдын темасын да "Сенден табам" деп койгом.

КАЙРЫП КЕЛИП СЫЙКЫР ҮНҮҢ УККУМ КЕЛДИ !

Бүгүн дагы көл жээгине чыккым келди,

Таза абасын кайра-кайра жуткум келди.

Тээ алыстан батып жаткан күндү карап,

Таппай жүргөн сыйкыр үндү уккум келди.

Билбейм неге аны эңсейт жүрөгүм,

Күн-түн издеп кусаландым, жүдөдүм.

Кечээ күнкү жолукканым бир эстеп,

Бир көрсөм деп учкан кушка үндөдүм.

Сездиң беле сени издеп жүргөнүм?

Санаа тартып, сен деп өткөн күндөрүм.

Белек кылып Кудай берсе экен деп,

Баштап койгон бал үмүтүм үзбөдүм.

Бекер эле жан кейитип сүйдүмбү?

Көп балээни кыл жаныма үйдүмбү?

Байкабастан жалынына жакындап,

Кызыл чокко ысынам деп күйдүмбү?

Жок, мен сүйдүм жүрөгүмөн берилип,

Башкалардай кыз жандабайм зеригип.

Жеңил-желпи сезим арнап селкиге,

Күндө жаңы кыз сүйө албайм демигип.

Айым, күнүм, нур жылдызым жаркыган,

Аппак сезим коштоп сага талпынам.

Ак мөңгүдөй кир катпаган дил үчүн,

Ак шумкардай сызып учам артынан.

- "Кайрып келип сыйкыр үнүң уккум келди" деген ашыктык ыр саптары акындын сезимдеринен жаралса керек ?

- Бул ырым жаралган кезде мен 2-курстун студенти болчумун. Студент болуп жүрүп ассистент агай болуп иштеп да калдым. Ошол кезде жаралган. Буга чейин жакшы көргөн кызым болгон. Андан кийин башка кызды жактыра элекмин. Көпчүлүк ишене бербейт. Бирок мындай сезимди мен ыр менен гана түшүндүрүп бере алам деп, ушул ыр саптарын жаздым.

СЫРТТА ЖАМГЫР

Сыртта сыйкыр үн угулат өзгөчө,

Муздайт жүрөк кезегинде көрбөсө.

Сыйпаланып сууласа да боюмду.

Тамчысынан болбосо экен болбосо.

Тамшандырып бүт айламды кетирди,

Асманымды булут каптап кеч кирди.

Төктү жамгыр тыным албай себелеп,

Ээлеп алып тоодой бийик эркимди.

Тырышууга дарманым жок берилип,

Тынчым кетип бара жатам эзилип.

Тыйбаса экен кумарынан куунаткан,

Турган кезде ыр дептерим семирип.

Ооба сыя төккүм келди жамгырда,

Суранамын сумсайыңкы калтырба.

Калем козгоп кызыгына батырып,

Акын уулун жолун тапса тагдырда.

- Ыр жаратууда негизи бир жерде отуруп жаза албайм. Кырдаалга жараша, таасирлерден улам жазып баштайм. Бул ырымды табияттын таасиринен унаада бара жатып жазгам. Жамгырдын тамчылары терезеден кирип, улам жүзүмө тийип турду. Көктү карап, кыялданып, ойлор пайда болуп, эргүү менен телефонума жазып баштагам. Ооруканага жеткенде ырымдын темасын "Сыртта жамгыр" деп атагам.

БАГЫНДЫРАМ

Эх, өмүр дагы канча жолдор туман,

Өзгөрбөс ишеничтүү ойдо турам.

Өткөндү кайтарууга арга таппай,

Өзүңө, жалгыз сага көңүл бурам.

Өмүрдүн өйдө-төмөн жолун улап,

Ыр менен жан дүйнөгө сарай курам,

Жараны ырбатуучу кейиштердин,

Найзадай жүрөгүнө сайып тынам.

Көңүлдүн көз каранды көйгөйлөрүн,

Карап тур, ырым менен багындырам.

- Бул ырыңызда байкалгандай жаш акындын такшалуу жолундагы өжөрлүгү десек туура келеби?

- Башта айтып кеткендей эле, мен ырларымды көбүнчө жашоого, адамдын жан дүйнөсүн байытууга, руханий азык тартылоого багыттайм. Ошону сыңарындай ыр жазып баштаганда көп эле сындар болду, "сен жазып, акын болуп кете албайсың, Алыкулдай атактуу акын чыкпайт" деген сыяктуу. Ошондой сын сөздөрдөн улам "Багындырам" деген ырымды жазгам. Буюрса, алдыда дагы чоң максаттарды койгом. Жакынкы аралыктарда ырлар жыйнагы китебимди чыгаруу пландарым бар. Дагы да болсо жакшы ырларды жаратып, поэзия менен жан азыгын байытууга аракеттене бермекчимин.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
narynbek2001
2020-09-22 01:01:06
Азаматсын. Адамды жакшы жака озгорто турган поэзия экен эгер маанисин тушунушсо. Ушинтип ыр жазган жаштарыбыз кобойсун.
+5
Saji
2020-09-22 10:39:42
Соонун экен ырларын.Мага абдан жакты. Калемин курчуй берсин
+1
Janyl98
2020-09-22 11:24:34
Жан дуйнону суктандыра турган сонун поэзия болуптур. Ушуга жакшы бир обон кошуп койсо жакшы болот.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан