"Кызымды көрө элекмин". Актёр Рүстөм Аскеновдун жубайы көз жарды

Актёр жана "тамашоучу" Рүстөм Аскенов менен келинчеги Гүлзада Мүзүралиеванын үйүндө наристе үнү жаңырды. Ата макамына ээ болгон Рүстөм мырза келинчеги бүгүн, 21-сентябрда борбор калаадагы төрөтканалардын биринде көз жарганын айтты.

"Учурда эне, баланын абалы жакшы. Кызымды көрө элекмин, бирок жубайым менен жолугуп келдим. Кызыбыздын салмагы 3 килограмм 500 грамм, бою 51 сантиметр болду.

Буюрса, ысымды эртең тандайбыз. Апам бир баракка нукура кыргызча, мусулманча ысымдарды жазып жүрүптүр. Бир туугандарымдын баары эркек болгондуктан апама кыз багып алалычы дей берчүмүн. Бүгүн өзүм кыздуу болуп турам", - дейт маңдайы жарыла кубанган актёр.

Түгөйлөр 2019-жылы баш кошкон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aimani
2020-09-22 00:30:27
Бешик боосу бек болсун. Ден соолукта, бактылуу кыз болсун
+6
umarlina55
2020-09-22 10:24:52
Ден соолугу,омуру менен берсин татынакайканын
+2
Aselek12345678
2020-09-22 15:25:11
Бешик боосу бек болсун!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан