Ырчы Назэль клипке тартылуу үчүн 10 килограмм салмак таштаганын айтты

"Жылаңач баатыр" долбоорунун катышуучусу, ырчы Назэль клипке тартылуу үчүн салмак таштады. Бул тууралуу ырчы менен байланышканыбызда белгилүү болду. Айтымында, ал Ильяз Андаш менен "Белес" дуэтин жаздырган. Азыркы тапта клип тарттыруу иштери жүрүп жатат.

"Эң биринчи ден соолугум үчүн жана клипке тартылуу үчүн арыктадым. Анткени Ильяз Андаштын жанында жашыраак көрүнөйүн дедим. Салмак таштайм деп жакшы көргөн таттуулар менен коштоштум, туура тамактанууга өттүм. Ошондой эле бийге (зумбага) жазылып машыгып жатам. Ошентип бир айда 10 килограмм салмак таштадым. Кийимдерим чоң болуп, баарын кыскартууга бердим", - дейт ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
engel
2020-09-22 15:16:41
Молодец! Эрки кучтуу экен!Аябай тарсылдаган ачык кыз го )
+4
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-09-22 20:05:27
Эрки күчтүүлүгүн бааладым.А мен таксикоз болуп арыктады)
+4
Ali-han
2020-09-26 11:12:40
Ким бул?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан