Кечээ, 21-сентябрда Бишкек-Ош унаа жолунда тормозу кармабай калган унаа ала салып, өрттөнүп кеткен. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарады.
Андагы маалыматтарга ылайык, унаада 5 адам болгон (3 чоң киши, 2 жаш бала). Унаанын тормозу кармабай калгандыгына байланыштуу ала салып, өрттөнүп кеткен. Окуянын күбөлөрү унаадагыларды чыгарганга үлгүрүшкөн.