Бишкектеги Биринчи май РИИБинин А.К. аттуу тергөөчүсү опузалап пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта УКМКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, Биринчи май РИИБинин Тергөө кызматынын улук тергөөчүсү А.К. өзүнүн меркантилдик кызыкчылыгын көздөп, кылмыш ишин токтотуу үчүн Бишкек ШИИББинин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкеринен пара талап кылгандыгы аныкталды.
Шектүү 5-мартта 5 миң доллар өлчөмүндө акча алып жаткан жеринен кармалган. Талдоодо А.К.М. пара талап кылган кылмыштын иш жүзүндөгү курамы жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн жетиштүү негиздер жок экенин көрсөттү.
Азыркы учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралар улантылууда.
УКМК бүгүнкү күндө коррупционерлерге реалдуу жазадан качууга мүмкүндүк берген жеңилдетүүчү нормалар жоюлганын, эми айып пул менен кутулуп, бир аз убакыттан кийин кызматка кайтууга мүмкүнчүлүк болбой турганын эскертет.