Коңшу Казакстандын Алматы шаарындагы аэропортто бычакчан кылмышкерди зыянсыздандырып, кызды куткарып калган 52 жаштагы Муса Абдраим окуянын чоо-жайын айтып берди.
Анын айтымында, ал аэропортто туугандарын узатып жатып, кыйкырыктарды уккан.
"Мен эч кимди көргн жокмун, бирок кыйкырган үндөрдү уктум. Мен дароо ал жакка чуркап бардым, кылмышкер кыздын чачынан кармап алыптыр. Өзүм үчүн коркуу болгон жок. Менин тынчсызданганым "эгер ал кызды өлтүрүп алсачы" деген ой болду. Анын ордуна менин кызым болсочу деген дагы ой келди. Баатыр болом деген оюм жок болчу. Бул менин адамдык милдетим болчу. Мен кызга жардам беришим керек эле.Алгач анын колунда эч нерсе жок деп ойлогом. Эркек катары мен кызга жардам беришим керек эле. Анан мен барайын деп чечтим, менин жалгыз тилегим кызды сактап калуу болчу жана мен жардам бергениме кубанычтамын, баары жакшы болду", - деген ал.
Муса Абдраим полиция кызматкерлери келгенин, бирок аларды байкаган кылмышкер өзүн ого бетер агрессивдүү алып бара баштаганын белгиледи. Кылмышкер кыздын башын кесип салам деп коркуткан.
"Экөөбүз бири-бирибизди карадык, мен полицияларга жолобогула деп айттым. Андан кийин кылмышкерге кыздын ордуна мени барымтага алуусун сурандым", - деди ал.
Бул учурда полиция кылмышкерди алаксытууга аракет кылган.
Окуя бүгүн, 7-мартта учуу алдындагы текшерүү аймагында болгон. Алматы аэропорту маалымдалгандай, саат 11:45тер чамасында бычак менен куралданган адам ички каттам терминалынан жүргүнчү атын жамынып, учуу алдындагы текшерүү аймагына өтүп кеткен.
Ал жерден авиациялык коопсуздук текшерүү кызматкерлери андан документтерин көрсөтүүнү суранышкан. Ага жооп катары ал коопсуздук кызматынын кызматкерин чачынан кармап, бычак менен коркутуп, барымтага алып алган.
"Мен анын көзүн карап, мүмкүнчүлүк жаралаары менен колунан бычакты жулуп алдым", - дейт Муса Абдраим.