Орус аскерлери Курск облусундагы Суджу шаарына кеңири масштабдагы чабуулун баштады. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Шаарга чабуулга "Ахмат" атайын отряды, "Ардагерлер" бригадасы, "Восток" бригадасы, 30-мотоаткычтар полку, ошондой эле Орусиянын Коргоо министрлигинин башка бөлүктөрү катышууда.
Орус маалымат каражаттарынын жазганына караганда, шаар толук курчоого алынган. Шаарда калып калган 2000дей украиналык аскерлер эч жакка кача албайт. Алар экиге бөлүнгөн абалда калып калган жана учурда көпчүлүгү оор жарадар экени айтылууда.
Эми украиналык аскерлерде эки гана жол бар: Куралын таштап же багынып бериши керек, же болбосо өмүрүн тобокелге салып каршылык көрсөтүшү керек.
Алардын командачылык менен байланышы үзүлгөнү дагы айтылды.