“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушунун алкагында Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагынын Таран-Базар айылында темир жолго керектелүүчү алгачкы электр көмөк чордондорун орнотуу аракеттери башталды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү маалымдады.
Анда айтылгандай, бул багытта президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Кытай тарабынан бекитилген атайын өкүлдөр менен жолугушуп, иш алып баруу багыттарын талкуулашты.
Кытайлык өкүл тыгыз кызматташтык аракеттеринин маанилүүлүгүн белгилеп, жаралган маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү бийлик көмөк көрсөтөрүн айтты.
Облус башчысынын биринчи орун басары Нурлан Эрматов Таран-Базар айылынын жергиликтүү тургундары менен жолугушуп, темир жолдун курулуш иштери аталган айылдан башталарын белгиледи. Ага катар электр көмөк чордондору орнотулуучу объекттер боюнча маалымат берди.