АКШда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн үй-бүлө мүчөлөрүнүн сөөгү Кыргызстанга алынып келинди. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Маалымдалгандай, кылмыш иши тергелип жаткандыгына байланыштуу окуянын чоо-жайы ачыкталбайт. Ал эми кылмыш ишинин жүрүшү Чикагодогу консулдуктун көзөмөлүндө экендиги маалыматта кошумчаланган.
Белгилей кетсек, буга чейин көп жылдан бери АКШда жашап келген кыргызстандык 47 жана 45 жаштагы жубайлар жана алардын 5 жаштагы уулу белгисиз жагдайда киши колдуу болуп каза болгондугу айтылган.